Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтү райондун борборунан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан жана эки айылдан турат. Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарында жалпы 400 дөй түтүн, тактап айтканда, эки миңге жакын эл жашайт. …
Сумбула айыл аймагында коронавирус ылаңын алдын- алуу жана болтурбоо максатында Өкмөттүн аймагында Андарак орто мектебинин спорт залында күндүзгү медициналык кабыл алуу пункту уюштурулуп жатат.
Жети-Өгүз районунда ар бир айыл өкмөтүндө жайгашкан ооруканаларда ооруган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ооруканада эле эмес үй шартында өздөрү дарыланып жаткан оорулуулардын саны да арбын. Илдеттин алдын алуу жана токтотуу …
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кочкор районундагы оорукана март айынан тартып обсервация бөлүмүнө даярдалган эле. Ал эми райондогу жөнөкөй ооруган адамдар Кочкор районундагы Чолпон айылынын ооруканасына которулууда.
Базар-Коргондук мигрант жаштар ооруканага кычкылтек концентраторун сатып беришти.
Суусамыр айыл аймактык ооруканасына учурда кычкылтек концентраторлору керек. Себеби, аймактарда оорунун күч алышы байкалып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул себептен жергиликтүү активисттер жалпы кайдыгер эмес адамдардан жардам сурашты.
(function(d,s,id){var js,fjs=d.getElementsByTagName(s)[0];if(d.getElementById(id))return;js=d.createElement(s);js.id=id;js.src=’https://embed.ex.co/sdk.js’;fjs.parentNode.insertBefore(js,fjs);}(document,’script’,’playbuzz-sdk’));
COVID-19 пандемиясынан улам жүздөгөн адамдар ыктыярдуу түрдө өз үйлөрүндө обочолонуп же изоляцияланган коомдо болуусун талап кылуу зарылдыгы пайда болууда. Жабык мейкиндикте узак убакыт болуу адамдын физиологиясына олуттуу таасирин тийгизет. Андыктан, …
Ат-башы районунда жаңы пресс-борбор ачылып, алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Анда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов жана чумага каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Каримжанов COVID-19га байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Ош облусунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына караган жалпы 69 кош бойлуу аял карантин учурунда каттоого алынган. 89 аял өзгөчө кырдаал учурунда төрөгөн. Кош бойлуу аялдар …
Бирөө тамак берсе жейт, бербесе жебейт. Колу-буту эч нерсеси кыймалдабайт. Алгач мен ошол атага барып, тамактандырып келгенден кийин түнү бою уктабай чыккам дейт каарманыбыз Жеңишгүл Тоголокова. Төрт жылдан бери ал …
Covid-19дун пайда болуусу менен көпчүлүктүн алдыга койгон түрдүү пландары өзгөрүүгө учураганы маалым. Алдыда кандай күндөр болот деген белгисиздик адамдарда түрдүү ой-санааны жаратып, материалдык гана эмес моралдык баалуулук, колдоого муктаждык жаралды. …
Мал жандыктардан адамга жуккан коркунучтуу илдеттердин бири – эхинококкоз. Андан айыгуу көп акча каражатын гана талап кылбастан, татаал процедуралардан турат. Мал чарбачылыгын жүргүзүүдө жана ит, мышык багууда эхинококкозду жугузуп алуудан …
Covid-19 илдети дүйнөлүк масштабда жайылып жатканына беш айдын жүзү болду. Бул аралыкта чоң кишилер менен бирге эле өспүрүмдөр, ал гана эмес ымыркайлар да вирусту жуктуруп алганы айтылып келет. Баланын ден-соолугу, …
Сарбашова Бурул 1962 – жылы 1 – январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айылында төрөлгөн. 1984 – жылы И.К. Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо бөлүмүн бүтүргөн.
1-июнга карата Кыргызстанда Covid-19 илдетин жуктургандардын саны 1817 адамга жетти. Ал эми эпидемиянын өнүгүп жатканына байкоо салган дүйнөлүк эксперттердин басымдуу бөлүгү планета калкынын көпчүлүгү таажы тумоосун жуктурат деген пикирде болууда.
Сасык тумоо, коронавирустук инфекция жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялардын козгогучтарынан кантип коргонуу керек? Ооруп калган адамдар башкаларга инфекцияны жугузбоосу үчүн кандай эрежелерди аткаруусу зарыл? Төмөндө кыска жана так эрежелерди …
Учурда талааларда какым гүлү гүлдөп, анын пайдалуу жагын түшүнгөндөр ар түрдүү ден- соолукка пайдалуу азыктарды жасап, терип, кургатып да алышты. Какым гүлүнүн ден-соолукка кандай пайдасы бар экенин изилдеп, төмөндө тизмектедик: …
15-май күнү Нарын районунда коронавирусту 4 адам жуктурганы белгилүү болду. Анын ичинен бир адам каза болгондугу аныкталып, каза болгон жаран өз айылында жерге жашырылган жана анын туугандары көзөмөлгө алынды.