Суусамыр айыл аймактык ооруканасына учурда кычкылтек концентраторлору керек. Себеби, аймактарда оорунун күч алышы байкалып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул себептен жергиликтүү активисттер жалпы кайдыгер эмес адамдардан жардам сурашты.
Суусамыр айыл аймагынын жашоочуларынын саламаттыгына кайдыгер карабаган инсандарды жардам кылууга чакырабыз!!!
Азыркы учурда коронавирус илдети күчөп, вируска кабылгандардын саны күн сайын өсүүдө. Мындан улам Суусамыр айылдык ооруканасы 2 дем алдыруучу аппаратка (кислородный концентратор) муктаж болууда. Бир аппараттын баасы 400-550$ (30-50000 сом) турат. Бардык айыл тургундарын мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүгө чакырабыз!
Эгерде сиз акчалай жардам кылууну кааласаңыз, жоопкерчиликтүү болуп шайланган Жаштар фондунун өкүлдөрү:
Усенкан уулу Айжолбекке (0505) 109-795,
(0755) 109-795
ЭЛСОМ- 0505109795
KICB- 9417018637884271
Бекжан Джаныбековго (0706) 564-142 кайрылыңыз!
Тез арада концентраторду алуу зарыл, ар кандай кырдаалга даяр болуубуз керек!!!
Бардык жардам кылган инсандын аты- жөнү, суммасы жазылып, элге так отчет жөнөтүлөт!!!
Мындан тышкары, Суусамыр айылдык коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын өкүлдөрүнүн жыйыны болуп, айыл элин көчөгө чыкпоого, конокко барууга жана чет жактан конокторду тосууга, той мааракелерди өткөрүүгө жана коомдук жайларда сөзсүз беткапчан жүрүү талабы катуу коюлду.
Алыскы аймактарга жеке инсандар жардам кылып, кычкылтек концентраторун алып бере башташты.
Элизат Санжарбек кызы