Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районуна ар кандай жардам берген жарандардын саны арбын. Алардын эн алгачкысы Женя Келгенбаева өз каражатынан 23миң сомго эң зарыл болгон дары-дармек, коргонуучу кийимдер, беткап алып берсе, Нурзат Абылгазиева дагы 500 даана, Нуржаасын Жумагулов 200 даана беткаптарды алып беришкен.
Ошондой эле АРИС уюму дагы антисептик каражаттар (54 даана 1литр),чөнтөк антисептиги (78даана), суюк самын (38 даана), атайын көз айнектер (83 даана), коргонуучу кийимдер (277 даана), СИЗ комплект (87 даана), беткап респиратор (182 даана) колкап (32 даана) райондогу жалпы ГСВ,ФАПтарга берилди.
Мындан сырткары, Жеңиш Мурзакматов жана Мирбек Райымов тарабынан зарыл медициналык каражаттар алынып келинди. Маалыматтарга караганда Туркияга кычкылтек концентраторуна буйрутма беришкен, жакын арада дарегине жеткирилет.
Ал эми учурунда Ак-Талаа райондук ооруканасында 45 жылдан ашык эмгектенген Шарип Ашырбаевдин үй-бүлөсүнүн атынан бир кычкылтек концентратору менен бирге антисептик жана кир жуучу каражаттар берилди.
Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев жана Баетов айылынын тургуну, тиш дарыгери Өмүркул уулу Нарынбек ооруканага, күндүзгү дарылоо бөлүмүнө жана мобилдик топторго гигиеналык каражаттарды тапшырышты.
Ак-Талаада күндүзгү стационар иштеп баштады
Барчын Мамытбекова
Сүрөттөрдү тарткан: Кубаныч Баялиев