Кочкор районундагы ооруканаларга азыркы учурда кычкылтек концентраторлору керек. Себеби, күн сайын ооруканага кайрылган тургундардын саны көбөйүүдө. Ушул себептен Кочкор аймагынын активист жаштары кайдыгер эмес адамдардан жардам суроого муктаж
Учурда Кыргызстанда Covid-19 вирусуна чалдыккан адамдардын саны күн сайын жүздөп өсүүдө. Бир гана шаардагы ооруканалар эмес, региондогу ооруканалар дагы бардык кырдаалга даяр турушу керек. Мындан улам Кочкор районундагы ооруканалар кычкылтек концентраторуна (дем алдыруучу аппарат) муктаж болууда. Бир аппараттын баасы 400-550 (30-50000сом турат). Бардык кайдыгер карабаган адамдардан мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүгө чакырабыз!
ЭЛСОМ: 0708-96-92-20 Кожалиева Айым Майрамбековна
“Сураныч, каражаттарды жогорудагы көрсөтүлгөн номерге жөнөтүңүздөр. Чогулган каражат кычкылтек концентраторун сатып алууга жумшалат. Канчалык көп сатып алсак, ошончолук жакшы. Кочкорлук активисттер райондогу ар бир айылга жеткирип беришет. Мындан тышкары биринчи орунда мед кызматкерлердин ден-соолугуна да жакшы көм көрүшүбүз керек. Медициналык персонал үчүн компресс, маска, респираторлор, жана СИЗ кийимдер алынат. Андан кийин зарыл болгон дары-дармектерди сатып алууну пландайлы.
Ал эми бардык аткарылган иштер тууралуу отчет берилип турат”-Кочкор районунун активисттери.
Аймактарда элден жардам сурап кычкылтек концентраторуна акча чогултула баштады.
Перизат Таштанова