Ак-Чал айылынын тургуну Нурбай уулу Мырсейт пластиктен эшик-терезелерди жасап киреше табат. Төрт жыл мурда Казакстанда бул иш менен алектенип келген. Кийинчирээк өзүнүн кичи мекенине келгенден кийин өзүнүн үйүндө чакан цех ачып,кайрадан ишин …
Былтыркыга караганда күн жылуу болду. Күз келип айлана сары түскө бөлөндү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары.
Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган …
Аталган иш-чара “Сүт-Булак” ЖАК сыр бышыруучу заводуна сүт ѳткѳргѳн Ыссык-Кѳл облусунун тургундарына стимул берүү, тапшырылуучу сүттүн кѳлѳмүн жогорулатуу жана анын сапаттарынын кѳрсѳткүчтѳрүн жогорулатуу үчүн уюштурулууда.
«Жөжөнү күзүндө санайт» дегендей, Кара-Сууда түшүм кандай жыйналып жаткандыгы тууралуу айымдарды кепке тарттык.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында мурдагы жылдарга караганда 2015-жылы алманын түшүмү көп болгонун айтууда тургундар. Багбандар алма бактарын дарылап, карап өстүргөнгө кеткен чыгымы акталганын билдиришти.
Жусуп уста Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылынын тургуну. Ал камчы, жүгөн жана башка ат жабдыктарын жасайт.
Түп районунун Тасма айылында малга тоют, буудай, арпа, чөптөрдү жыйноо иштери аяктады. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.
Быйылкы жылы Барскоон айылында алма-алмурут жыйноо мезгили башталды. Айыл тургундары жана мектеп окуучулары жемиш терип иштешүүдө.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Бактыкан Раманова ууз чебер. Ал саймалардын ондон ашык түрүн билет.
Быйыл Терек-Сууда күн ысып, кургакчыл болгонуна байланыштуу картошканын түшүмү аз болду. Мындан улам көптөгөн дыйкандар мээнети акталбай калгандыгын айтышты.
Бакай-Ата айылынын тургуну Татин Малабекова айылдын көпчүлүгүнө өз кол өнөрчүлүгү менен таанымал. Бакай-Атадан тышкары башка айылдардан да келип буйрутма берип кеткендер бар, дейт ал.
Мамат Сейитбеков Бакай-Ата айылында он жылдан ашуун жыгач устачылык менен алектенип келет. Анын өнөрканасы айылдагы төрт устакананын бири болуп саналат.
Элет аялдары тууралуу репортаждарыбыздын циклин улантабыз. Бул чыгарылышта Кара-Суу айылынын тургуну, үй кожойкеси, төрт баланын энеси Кымбат Алиева тууралуу айтып беребиз.
Былтыркыга салыштырмалуу төө буурчактын баасы быйыл Таласта арзан болууда. Бакай-Ата айылынын тургундары кеткен мээнети жана чыгашасы акталбай жаткандыгын айтышат.
Кара-Суу айылындагы кыз-келиндер тууралуу репортаждарыбызды улантабыз. Бул чыгарылышта Кара-Суунун тургуну Айгүл Какешова тууралуу айтып бермекчибиз.
Бүгүнтөн баштап айылыбыздын аялдары, кыз-келиндари тууралуу репортаждардын циклин баштайбыз. Элет жергесиндеги аялдарыбыздын, кыз-келиндерибиздин турмушу менен таныштырабыз.
Уулажан апа Ахунжанова Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал азыркы күндө 90 жашка толуп уул кыздардын, неберелердин сый урматын көрүп олтурат.
Нарын шаарынын жашоочусу Адилат Сапарбаева жиптен кийим токуйт. Учурда атайын бизнес окутуу борборун да ачкан. Анын бир тармагында токуу боюнча сабак өтөт.