Нарын облусунда старт алган «Билим кербени» аттуу китеп окуу сынагы Нарын медресесинде 2 -турун өткөрдү. Сынакка жалпысынан район боюнча 47 окуучу катышып, алардын ичинен 10 окуучу 3 — турга жолдомо …
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде “Билим Кербени” долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамбетасан ажы Ибраев балага тарбия …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында көп жылдан бери таза суу жеткиликсиз. Учурда ичип жаткан суунун сапатын лабораториядан текшерткенде ичүүгө жараксыз деп табылган. Тургундар бул көйгөйдү өз каражаттары менен чечүүгө бел …
Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Зарница” аскердик мелдеши болуп, анда “Намыс” жана “Скорпион” командалары күч сынашты. Мелдеште командалар жобого ылайык тапшырмаларды аткарышты.
17-февраль күнү Могол айыл аймагында 2020-жылда аткарылган жумуштар, 2021-жылдагы аткарылуучу пландар боюнча элдик жыйын өткөрүлдү.
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтү ишмердүүлүгү менен айыл элин тааныштырды.
Адистер мал чарбачылыгында анын санына эмес, сапатына өтүү маанилүү экенин айтып келишет. Аймактардагы калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенишет. Кой чарбасында анын тукумун кантип асылдандыруу керек? Учурда малчылардын кызыгуусун …
Аймактарда болобу, шаардабы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрлар жетишсиз. Мунун бир себеби айлык акынын аздыгы болсо, экинчи жагы жаштардын мамлекеттик кызматка келүүнү каалабаганы. Ошол эле учурда айрымдар кызматка баруунун жол …
Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси Салкын Алишерова китепканага окурмандарды тартуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин айтат. Андан тышкары, окурмандар үчүн китепканада жетишердик китеп бар экенин билдирди.
Таза суу маселеси жалпы Кыргызстанда эле чечилбей келе жаткан көйгөй экени белгилүү. Айрыкча, суусу мол Суусамырда да аталган маселе аягына чыкпай, кечеңдетилип келет. Алсак, өрөөндөгү бир айыл гана таза суу …
15-февраль Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө «Ооган ыйы унутулбайт» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү.
Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Биринчи мугалим» сынагына Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Бекташова катышып, 2-орунду жеңип алды.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу мектептерде окуу жөндөмүн арттыруу боюнча USAID дин «Окуу керемет» долбооруна ар бир мектепте иш-чаралар башталды.
“Китеп той” маданий-интеллектуалдык кечеси бул жылы “Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө” карата Ош шаарында өткөрүлдү. Китеп майрамына арналган иш-чарага 700гө чукул адам катышты.
Акыркы жылдары жеке ишкерлигин ачууга кызыккан адамдар көп. Бирок, кайсы багытта өз ишимди ачсам деген суроого жооп табуу көпчүлүк үчүн кыйын. Kyrgyzmedia.kg жолу айылда жашап, бирок бизнести эмнеден баштарын билбей …
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Асылкүл Өмүралиева апаны айыл ичи бүт тааныйт. Себеби апа заманбап 1 шиш менен токулган шарф, топу, кийимдерди буйрутма менен токуп берет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.