Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Биринчи мугалим» сынагына Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Бекташова катышып, 2-орунду жеңип алды.
Бул тууралуу аталган мектептин директору Назгүл Атамкулова маалымат берди:
«Биринчи тандоо туруна 7 облустан 90го жакын мугалим келип, финалдык турга 7 мугалим өтүп, финалга чыккан. Финалда 8 мугалимдин презентациясы, ситуациядан чыгуусу, ээсенин негизинде суроолор берилет. Кыргызстандын булуң бурчундагы мугалимдер катышып жатат.
Катышуучулардан айырмаланып, Жанара Бекташова жалгыз орус тилинде эссе жазып, 2-орунду жеңип алды. Быйылкы жылы, апрель айында Бишкек шаарына өзүнүн 30 окуучусу менен жатаканасы, тамак ашы төлөнгөн. Ошол кезде эмне болсо театр, цирктерге экскурсияга барышат. Бардык чыгымдар Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан каржыланат».
Элеттик мугалим Жанара Бекташова Республикалык таймашта жеңүүчү болушу анын мугалимдик тажрыйбасындагы эң чоң жетишкендиги экенин баса белгилейт:
«Катышуучулардын эң кичүүсү мен гана 30 жашта болчумун. Катышуучулардын арасында эл агартуунун отличниги, тажрыйбалуу, мыкты мугалим бар эле. Алардан да сүрдөп, жеңем деген ой жок эле. Таймашка катышканыма сыймыктанам, көптөгөн тажрыйба ала алдым. Мага абдан стимул болду. Мени кубандырганы, 3 жылдан бери катышкан мугалимдер бар экен. Мен биринчи жылы катышып, жеңишке жете алдым».
Мындан сырткары алган сыйлыгы туралуу оюн төмөнкүчө бөлүшүп кетти:
«Акчалай сыйлык бергенде акча жоголуп кетмек. Мени кубандырганы 30 окуучунун эсинде калаарлык саякат уюштурулуп, берип жатканына кубанычтамын. Бир нече жылдардан соң, окууну аякташат. Окуучулар менен чогуу саякаттоо кызыктуу болот деп ойлойм»,-деди Ж.Бекташова.
Эскерте кетсек, конкурс, 6 жылдан бери республикалык деңгээлде башталгыч класстын мугалимдери арасында өткөрүлүп келет. Биринчи байгесине мугалим окуучулары менен Москвага 3 күнгө, 2-орунга Бишкек шаарына экскурсия, окуучулары менен бирдикте, ал эми 3-орунга грамота алышат.
Тогуз-Тородо өткөн “Китеп той-2021” мааракеси
Анара Мааметова