Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси Салкын Алишерова китепканага окурмандарды тартуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин айтат. Андан тышкары, окурмандар үчүн китепканада жетишердик китеп бар экенин билдирди.

Салкын Алишерова Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси.
-Саламатсызбы эфирге кош келипсиз.
-Саламатчылык.
-Суусамыр айылдык китепканасында канча жылдан бери эмгектенесиз?
-Суусамыр айылдык китепканасында 40 жылдан бери иштеп келе жатам.
-Китепканада канча китеп бар?
-Жалпы китептердин саны 4845 алардын ичинен 500 дөй китеп «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында берилген.
-Кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат?
-Бизге облустан календарлык иш план берилет, ошол боюнча иштейбиз. Ошол боюнча иш-чараларды өткөргөнгө аракет кылабыз. Ар ай сайын даталуу күндөргө карата буклеттерди жасап, летопись чыгарабыз. Райондук деңгээлдеги конкурстарга да катышам. Окурмандар менен чогуу иш алып барабыз. Облустук кароо сынакка алты окурман менен катышып баалуу белектерге ээ болгонбуз. Ал» Улуу жеңишке 75-жыл» жана «Улуу инсан улут сыймыгы» аталышындагы сынак болгон.
-Китепканага жаңы китептер келип турабы?
-Ооба 2020-жыл биздин китепкана үчүн жакшы жыл болду. «Бир адамдан бир китеп» долборуунун алкагында айыл жаштары тарабынан 500 дөй китеп берилди. Андан тышкары вице-премьер- министр Эльвира Сурабалдиеванын атынан 31 даана жаңы китеп берилди. Ушул китептердин баары жаны китептер болгондуктан, окурмандарды китеп алып окушсун демекчимин. Андан тышкары, жума сайын газета-журналдар келип турат. «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Суусамыр айылынын жаштарына терең ыраазычылык билдирем. Биз үчүн чоң кубаныч болду. Китеп фондубуз көбөйүп, жаңы китептер менен толукталды.
-Окурмандардын кайрылуусу кандай болуп жатат?
-Азырынча жакшы эле кайрылышат китеп алып кетип окуп кайра тапшырышат.
-Кандай шарт менен китептер берилет?
-Карточка толтурулуп 10 күндүк мөөнөткө китептер окурмандарга берилет.
-Китеп окурмандарынын көбөйүшүнө кандай шарттар түзүлсө дейсиз?
-Ар кандай иш-чаралар көбүрөөк болсо дейм. Китеп көргөзмөлөрү уюштурулса жакшы болмок. Биз дагы ошолорду уюштурганга аракет кылабыз.
-Окурмандарга кандай кайрылуу жасайсыз?
-Окурмандарды келип китеп окушсун, ар дайым окурмандар үчүн китепканабыз ачык демекчимин. Өздөрүнүн аң-сезимин өстүрүп турушсун. Бардык окурмандарды китеп окууга чакырам.
-Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!
Элетте музейге айланган китепканалар
Азиза Тамчиева