«Демилгелүү жаштар» долбоорунун төртүнчү жылынын катышуучулары жана алардын ата-энелеринин кербени Нарындан чыгып, 20-февраль күнү Базар-Коргон районуна келди.
Гүлайым Токтосунова Эбенхох эки баланын энеси. 12 жылдан бери Германияда жашап келе жаткан каарманыбыз учурда жеке бизнеси менен алек. Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылып келет.
Ар бир мезгилдин өзүнчө кооздугу бар. Ооган-Талаа айылынын кыш мезгилиндеги кооз көрүнүшүн, сүрөт аркылуу көрсөтөбүз.
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде окуучулар үчүн машыгуу өттү. Машыгуунун максаты, өзгөчө кырдаал болгон учурда окуучулардын өзүн- өзү алып жүрүүсүн, тез убакытта мектептен абайлап чыгууну үйрөтүү.
Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде “Билим Кербени” долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамбетасан ажы Ибраев балага тарбия …
Асель Жеңишбекова Акталаадагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-классында окуйт. Сүрөттү мыкты тартат. Аселдин айтымында сүрөттү бала бакчага барган кичине чагынан эле тартат.
Нурлан Аламанов Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында жашаган чебер уста. Анын таланты калың элге белгилүү болбогону менен, таш менен жыгачтан жасаган буюмдарына бир көргөн адам суктанат. Нурлан мырза, kyrgyzmedia.kg берген маегинде …
Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Зарница” аскердик мелдеши болуп, анда “Намыс” жана “Скорпион” командалары күч сынашты. Мелдеште командалар жобого ылайык тапшырмаларды аткарышты.
Ар дайым эле өспүрүм курактагы бала менен тил табышуу оңой боло бербейт. Ата-энелер бул курактагы баласы менен ишенимдүү, ынтымактуу мамиле курууну каалашат. Алдыда ата-энелер үчүн тесттен өтүп көрүүнү сунуштайбыз.
Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси Салкын Алишерова китепканага окурмандарды тартуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин айтат. Андан тышкары, окурмандар үчүн китепканада жетишердик китеп бар экенин билдирди.
Медина Абылкасымова учурда Венгрияда билим алат. Ал буга чейин, Кыргызстан, Польша, Германияда окуган. Бардык окуу жайларда англис тилинде билим алган Медина, англис тили жана чет өлкөдө билим алуу тууралуу өз …
Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата иш-чара болуп, ага афган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
“Китеп той” маданий-интеллектуалдык кечеси бул жылы “Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө” карата Ош шаарында өткөрүлдү. Китеп майрамына арналган иш-чарага 700гө чукул адам катышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Асылкүл Өмүралиева апаны айыл ичи бүт тааныйт. Себеби апа заманбап 1 шиш менен токулган шарф, топу, кийимдерди буйрутма менен токуп берет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.
Каракол шаарындагы К.Эсенкожоев атындагы облустук балдар китепканасында 14- февраль «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнүнө карата иш чара өттү. Ага студенттер жана окуучулар чакырылып, журналист Мурат Султанов, жазуучу Руслан Кылчыкбаев, …
Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.
«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».