Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Темалар

Жаштардын ынтымак кечеси болуп өттү

Жакында «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан Ак-Талаа жаштарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикке келтирүү максатында Бишкек шаарындагы «Сармерден» ресторанында «Жаштардын ынтымак кечеси» болуп өттү. 

17 Декабрь 2018 жыл 18:09

Мааракеге арналган энциклопедия жарыкка чыкты

Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата энциклопедия жарыкка чыкты. Бул 300 беттен турган энциклопедия 450 нуска менен жашыл, кызыл, кѳк түстѳ чыгарылды.

17 Декабрь 2018 жыл 11:45

«Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов 90 жашта»

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы Акман айылындагы Палванов атындагы орто мектебинде да жогорку деңгээлде өттү.

16 Декабрь 2018 жыл 11:15

Таластык окуучулар так илимдер боюнча кошумча маалымат алышты

Талас шаарындагы мектеп окуучуларына так илимдер боюнча презентация өткөрүлүп, бир жума ичинде немис тилин терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

15 Декабрь 2018 жыл 14:01

Ардагер мугалим методикалык колдонмолорду иштеп чыккан

Ак-Талаа районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын Билим Берүүнүн отличниги, КРнын Ардак Грамотасы, КР караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган, бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган Айна …

14 Декабрь 2018 жыл 22:26

Тасмада Асан Сопиев мектебинин беш мугалими Ардактуу эс алууга чыгышты

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин беш мугалими Ардактуу эс алууга чыгышты. Ошондой эле район тарабынан ардак громматалар менен сыйланышты.

14 Декабрь 2018 жыл 19:57

Билим берүү мекемелеринде улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жыйынтыкталды

Ак-Талаа районунда жалпы билим берүү мекемелеринде, тактап айтканда орто мектептерде, жана бала-бакчаларда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жыйынтыкталды. Иш-чаралардын алкагында жазуучунун чыгармалары боюнча ар кандай дил баяндар, сынактар, конференциялар, ачык …

14 Декабрь 2018 жыл 19:44

Эрте келген турналар чыгармасынан жети факт

Базар-Коргон районундагы Колот айылындагы Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинде Чынгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар чыгармасы боюнча жети факт» аттуу мугалимдер арасында тегерек стол өтүлдү.

13 Декабрь 2018 жыл 20:25

«Айтматов ааламы»- Райондук билим берүү бөлүмүн жыйынтыгы

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар бир мектепке иш- чаралар түзүлүп, жыл бою өткөрүлдү. Иш- чара мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлүп эң жакшы деңгээлде өттү.

13 Декабрь 2018 жыл 10:41

Ак-Талаа аймагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрүлүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ак-Талаа районунун бардык мектептеринде да ар кандай иш чаралар өтүлдү. Алсак, Терек айылындагы К.Молдобасанов атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун …

12 Декабрь 2018 жыл 21:55

Ооган-Талаа айылында «Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов» аттуу жыйынтыктоо кечеси өттү

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов» аттуу жыйынтыктоо кечеси болуп өттү. 

12 Декабрь 2018 жыл 14:47

«Ак кептер» Айтматовдун туулган күнүнө карата тасмаларды тартуулады

Бүгүн, 12-декабрь, бул күнү кыргыздын чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. 2018-жылы мекенибизде жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде улуу жазуучуга арналган иш-чаралар болуп өттү.

12 Декабрь 2018 жыл 14:20

Суусамыр айылында жаңы ыкмадагы интернет коюлду

Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.

11 Декабрь 2018 жыл 16:13

Андарак айылына бала бакча ачылды

Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.

11 Декабрь 2018 жыл 15:14

Терек-Суу айылында сулуулар конкурсу өткөрүлдү

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында маданият кызматкерлеринин уюштуурусу менен «Күз периси-2018» аталышындагы конкурс өткөрүлдү.

10 Декабрь 2018 жыл 11:56

Куу- Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ишке кирди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ачылды. Бул ФАП Куу-Майдан айылынын тургундары үчүн кызмат кылат. Бул ФАП элдин салымы менен жана атайын спонсорлор тарабынан курулду. Бул …

9 Декабрь 2018 жыл 13:05

Облустук китепканада “Балдар оюн аянтчасы” ачылды

Талас облустук Токтогулов атындагы китепканасында жаны долбоор ишке ашууда. Долбоордун алкагында Талас шаарында «Балдарга оюн аянтчасы» Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФтин  колдоосу менен ачылган.

8 Декабрь 2018 жыл 19:05

Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата концерт өттү

3-декабрь «Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата» Асан Сопиев мектебинде концерт өткөзүлдү. Концертти «Аваз » өзүн-өзү башкаруу уюму алып барды.

8 Декабрь 2018 жыл 12:22

Эски кинозал спорт менен машыгуучу жайга айланды

Жайыл районунун Кара-Суу айылынды ондогон жылдары иштебей турган кинозал айылдын жаштары жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катышуусу менен ремонттолуп, айылдын жаштары спорт менен машыга башташты.

7 Декабрь 2018 жыл 23:56

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата Талас шаарында чоң иш чара болуп өттү

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” аттуу концерти болду.“Айтматовдун ааламы апалар” атуу концерттик программа уюштурулду.

7 Декабрь 2018 жыл 21:39
Шаршемби
23 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...