Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.
Интернетти жеткирүүчү түзүмдөр, чубалгылары, тартылып бүттү. Суусамырдагы интернет чубалгылары демейдегиден өзгөчө. Айнек өткөргүчтөн туруп, “опто волокно” деп аталат. Зым өткөргүчтөн айырмасы, интернетти нур аркылуу өткөрүп, ылдамдык жогорку деңгээлде болот. Долбоор эл аралык ISOC уюму тарабынан колдоого алынган. “Бул практика дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат, ал эми Кыргызстандагы айылдар арасында Суусамырда биринчи коюлуп жатат”,- дейт ISOC уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Талант Султанов.
Коюлуп жаткан интернет өкмөттүк жана жеке менчик эмес болгондуктан, коюлгандан кийинки техникалык жагын дайыма карап туруу милдети бар. Бул үчүн долбоордун менеджери Исабек Асанбаев коомдук уюм түзүү милдетин колго алган. Бул тууралуу долбоордун техникалык директору Эржигит Имамов мындай дейт:
“Интернет силердин айылынарда коюла баштады. Суусамыр айылына гана эмес башка айылдарда дагы орноштурабыз. Ушул жактагы жашаган балдар өздөрү жасашат, бир айда элүү кишини кошконго аракет кылып жатабыз. Бул ишти көзөмөлдөөчүлөр, шаардагы Скайнет деген интернет провайдердин адистери келет. Жана алар келип силердин балдарды үйрөтүшөт. Бирок буга чейин эле биз силердин айылдагы балдарды шаарга алып барып, семинар өтүп, үйрөтүп келгенбиз. Адистер кеткенден кийин, ар кандай кыйынчылыктар болуп калса, ошол балдарга кайрылышат. Коомдук интернет болгондуктан, уюм түзүлүп үстүндө жетекчи болуш керек. Ошондуктан, биз азыр уюмду түзүүгө аракет кылып жатабыз”.
Келечекте коомдук интернет дал ушул уюмдун алдында иштейт. Айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүп, интернеттин баасы техникалык кароосун жана башка маселелерди такташкан. Ага ылайык, интернет баасы айына 650 сомдон, үйлөргө туташтыруу 4000 сомдон бекитилип, туташтыруудан түшкөн акча адисти каржылоого жана керектүү каражаттарды сатып алууга кетет. Коомдук интернет өрөөндүн бардык айылдарына толук жете элек болсо дагы, кызыккандар көп болууда. Айыл тургундары бул долбоордун айылга келишине ыраазы.
“Интернеттин келгени жакшы болду, жаштар өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышат айылдын өнүгүшүнө да чоң салым болду”- дейт айыл тургуну Токтокан апа.
Интернет биринчи айыл өкмөтүнүн имаратына киргизилген. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери учурда вай-фай аркылуу чексиз интернетти колдонуп жатышат.
“Буга чейин биз интернет жок болгондугуна байланыштуу модем менен иштечибиз, кез-кезде интернеттин ылдамдыгы жай болуп, кыйынчылыктарды жаратчу. Азыр интернет койдуруп жакшы болду. Негизги жумуштарыбызды интернет менен бүтүрүп жатабыз. Интернеттин ылдамдыгы жакшы”, — дейт Жыргалбай Бугубай уулу.
Учурда окуудан өтүп, интернетти туташтырууну үйрөнүп келген жумушчу топ каалоочулар үчүн үйлөргө интернет туташтырып берүүдө. Интернет ондон ашуун үйлөргө коюлуп, кезекте турган айыл тургундарынын саны өсүүдө.
Даярдаган: Айтеңир Индусбекова, Айжан Изатова