2020-жылдын ноябрь айында USAIDдин “Окуу керемет” долбоору тарабынан китептер Жалал-Абад облусу Базар-Коргон районунун мектептеринин жана коомдук китепканаларына берилди. Китеп берүү аземи Базар-Коргондун билим берүү бөлүмүндө өттү. Адабий окуу жана математика …
Арстанбап айылындагы №34 мектепке «Бирдиктүү аракет- алгылыктуу натыйжа» деген ураан астында, биримдикти, жаратылышка болгон жакшы мамиле, жаштардын ынтымагын өзүндө көрсөткөн граффити тартылды.
Тогуз-Торо районунда айымдарды өнүктүрүүгө багытталган борборлор барбы? Же болбосо элеттеги айымдар үй тиричилиги менен гана элекпи? Алар өзүн – өзү өнүктүрүүгө, саламаттыгына кам көрүүгө, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө айыл жергесинде кандай …
Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин тарбия завучу Аида Сатыбалдиева тарабынан реалдуу окуу режиминин башталышын, Министрлик тарабынан коюлган шарттардын сакталышы боюнча, окуучулар менен биргеликте видео даярдалды.
Азыркы учурда Ооган-Талаа айылында абал туруктуу. Бирок октябрь айында илдет кескин түрдө көбөюп, кыйынчылык болду. Бейтаптар үйдөн дарыланып жатышты.
Тогуз- Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин мугалимдер арасындагы “Күз берекеси” аттуу фотоконкурс уюштурулуп, инстаграм баракчасы аркылуу жыйынтыгы чыгарылды.
Бүгүн Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жаштары тарабынан демилгеленип, ишке ашкан пенсионер Уулкан Ашыралиева апага эки бөлмөлүү турак жай курулуп, пайдаланууга берилди.
Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан милиция кызматкерлери Ардак грамота жана акчалай сыйланышты. Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысы Айбек Кожошов мыкты ийгиликтүү эмгектенген кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.
83 жаштагы Сартбай ата өзүнүн чарбасындагы 10 сотых жерге төрт жылдан бери кулпунай өстүрүп келет. Андан сырткары помидор, бадыраң, капуста, картошка сыяктуу жашылча көчөттөрүн өстүрөт. Ишиңдин канчалык ийгиликтүү экендиги көбүн …
№2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасында элдин пикири боюнча шайлоо таза, санитардык нормалар сакталып өтүп жатат.
Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форуму райондогу активист айымдар үчүн «Саясий процесстердеги аялдардын ролу» деген темада онлайн семинар болуп өттү.
Базар-Коргон районунда 11- ноябрдан баштап 13 мектепке салттуу түрдө окутуу башталды.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылындагы күндүзгү стационарга берилген концентраторлор иштетилдиби деген суроо менен тез жардам бөлүмүнүн адиси Алмазбек Карымшаков менен маекти сунуштайбыз.
Косметика, дары-дармек, боёк- булар Теңге гүлдүн пайдалуу касиеттери.
2020-жылдын 6-ноябрында жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен муниципалдык кызматтарды жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Ооган-Талаа айылында окуу тренинг өткөрүлдү.
Ооган- Талаа айылындагы С.Далбаев мектебинде мугалимдер үчүн 26-октябрдан, 6-ноябрга чейин окуу болуп өттү. Бул окууда мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, онлайн сабак өтүүдө ыңгайлуу программалар менен таанышты.
2-ноябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары менен биргеликте №19 Арсланбоб мектебинин окуучулары экоакцияга катышышты.
Учурда айылдагы 5 жаштан жогорку балдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Бүгүнкү күндө Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылындагы балдардын абалы туурасында үй-бүлөлүк дарыгерлер маалымат беришти.
Бүгүнкү күндө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу “Седеп” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын онлайн катышуусу канааттандырарлык болуп жатат. Бул тууралуу аталган бакчанын жетекчиси Гүлнур Кожомбердиева айтууда.