2-ноябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары менен биргеликте №19 Арсланбоб мектебинин окуучулары экоакцияга катышышты.
Экоакциянын катышуучулары
Арстанбап айылында «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» корпорациясы жана «Жаш-Ниет» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашып жаткан «ТаасирЛинк» долбоорунун кезектеги иш- чарасы болуп өттү.
«Мен айылымды сүйөм» медиа компаниясын максаттарын өзүнө камтыган Эко акцияга 70 жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышып, айылга 34 кичи, 6 чоң таштанды таштоочу кутулар коюлду. Бул иш- чараны Шохрух Мирзакаримов уюштурду.
Экоакциянын уюштуруучусу Шохрух Мирзакаримов
«Арстанбап айылы көп меймандарды кабыл алат. Ошондуктан, тазалык бул биринчи орунда болушу керек. Айылда таштанды таштоо, таштандыларды бөлүштүрүү, айылдан алып чыгуу үчүн чоң иш чаралардын башталышы.
Албетте, адамдар таштандыларды чогултуу маданиятын калыптандырса, таштанды көйгөйү оңой чечилет», -деди Мирзакаримов.
Акция аягында катышкан жаштардын баарына баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чара жергиликтүү жаштардын активдүүлүктүн жогорулатуу, тазалыкка көңүл буруу максатында өткөрүлдү.
Арстанбап айылынын 19 мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Рахматуло Аблазов төмөндөгүлөргө токтолду:
Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Рахматулло Аблазов
«Ар кандай керексиз нерселерди таштап, таштандылар менен айылыбызды, талааларыбызды адамдар толтуруп салышты. Баары таштайт деп айтсак адашабыз, анткени таза адамдар да бар. Бирден таштап жүрүшүп таштандылар да көбөйүп кетти.
Акция өтүп, андан жаштар көптөгөн жаратылышка жардам бере турган жана ташатандылардан арылта турган методдорду үйрөнүштү. Адам көп жашаган жерлерге, акция тарабынан берилген урналарды койдук. Биз көптөгөн акцияларга катыштык, бирок бул акция өзгөчө болду, анткени биз жашаган жерлерибизди таштандылардан арылтууну үйрөндүк. Баары ыраазы болушту деп ойлойм. Жакшы иштегендерге белектер берилди», — деп белгилей кетти Рахматулло Аблазов.
Экоакция өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын талаптарына ылайык өткөрүлдү.
ТаасирЛинк долбору Sеarch for Common Graund (SFCG) жалпы кызыкчылыктарды издөө уюму жана «ЖашНиет «коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул акцияга класс жетекчилер да активдүү катышышты.
Активдүү катышуучулар
Көчөлөргө, ооруканалар, базарларга коюлган урналар
Тазалыкты сактоо үчүн 30 даана кичи урна, 6 даана чоң урна айылдагы мектептерге, ооруканаларга, дүкөндөргө жана айылдагы элдер көп жайгашкан көчөлөргө коюлду.
Буга чейин ТаасирЛинк долбоорунун алкагында шахмат мелдеши сентябрь айында өткөрүлгөн.
Тимурлан Мелисбеков, Камбарали кызы Гүлназ