Бүгүнкү күндө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу “Седеп” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын онлайн катышуусу канааттандырарлык болуп жатат. Бул тууралуу аталган бакчанын жетекчиси Гүлнур Кожомбердиева айтууда.
«Кара-Суу айылына караштуу «Седеп» мектепке чейинки уюмунда 60 бала тарбияланууда. Өлкөдө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын март айынан баштап, аралыктан окутуу сабагы болуп жатат.
Планда бекитилген сабактардын бардыгын тарбиячылар онлайн түрүндө, видео сабактарды балдарга үзгүлтүксүз жиберилип, кайра кайтарым байланыш кылып үйрөтүп жатышат.
“Берекелүү Алтын күз” сабагына, балдар бардыгы тең активдүү катышышты»,-дейт бала-бакчанын жетекчиси.
Жалпысынан, “Седеп” балдар бакчасында 15 жумушчу эмгектенет. Кырдаалга жараша тарбиячылар, бакчага график менен иштеп жатышат. Наристе, орто, кенже тайпа бар.
Куу-Майдан: Онлайн окутууда бала бакчадагы балдардын катышуусу начар
Нуриза Рыскулова