Кыш мезгили 6 айга созулган Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары кышка даярдыкты жайдын ортосунан эле башташат. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылы кышка даярдык күчүндө экендигин айтылса, эл сатыкка көмүр жокко эсе экендигин билдиришти.
Айыл тургуну Гүлжамал Сыдыкова айыл ичи көмүр менен толук камсыз боло элек деген ойдо:
«Ал эми Суусамыр күндөн-күнгө сууктай баштагандыктан жылуулук маселеси бар. Суусамырда көмүр саткандар жокко эсе болгондуктан, айыл ичи көмүр менен толук камсыз боло элек».
Андан тышкары, Суусамыр айылдык кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров учурда көмүр маселеси элди тынчсыздандырып жаткандыгын айтат:
«Бүгүнкү күндө элдерди көмүр маселеси тынчсыздандырып жатат. Чүй тарапта көмүрдүн баасы кымбат болгондуктан, көмүр алып келгендердин көбү Чүйгө алып кетип жатышат.
Өзүнөр билгендей былтыр дагы ушундай көйгөй болгон. Бул маселеден чыгуу максатында. Жергиликтүү кеңештин отурумунда айыл өкмөтүнүн башчысына жана «Достук» муниципалдык ишканасынын жетекчисине кайрылганбыз. Ошондогу иштеген камаздарды элге көмүр алып келип, арзан баада элге таратуу максатында аракет кылып жатабыз.
Мындан тышкары, айыл өкмөт тарабынан аз камсыз үй- бүлөлөргө, көмүргө деп акчалай жардам берилип жатат».
Көмүр маселесинен тышкары, Суусамырлык тургундарды кышкы тоют маселеси да тынсыздандырат. Себеби, айыл тургундары негизинен мал багуу менен тиричилик кылышат. Быйыл 2020-жылы жай айларында бир нече күн тынымсыз жамгыр жаагандыктан, талаада чабылган чөптөр чирип, нымдуу таңгакталып калган.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, жеке ишкер Алмаз Кабылбеков кышкыга малга тоютту мол камдап алгандыгын айтат:
«Суусамыр айылында кыш мезгили 6 айга чейин узарат. Ал эми карапайым эл кышка даярдыкты эрте эле башташат. Быйыл беде, эспарцет жаандын нымдуулугуна туруштук бербей чирип кетти.
Бирок, «Эл эмгегин жер жебейт» деген жакшы сөз бар эмеспи, арпанын түшүмү жакшы болду. Кышка малдын тоютун мол камдап алдым десем болот”.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчуев Суусамыр айыл аймагында мектептер, оорукана, ФАПтар көмүр менен камсыз болгонун билдирди:
«Азыркы учурда Суусамыр айыл аймагы кыш мезгилине толугу менен даярбыз. Мектептер, ооруканалар, ФАПтар көмүр менен камсыз болду.
Мектепте 1-класстын окуучулары окуп жаткандыктан, 15-октябрда мектептерде жылуулук толугу менен берилди. Оор кар жааса карларды түртүрүп, жолдорду тазалоо иштери жүрөт.
Биз бул маселени «Достук» ишканасы менен биргеликте чечип келебиз. Каражат маселеси каралган. Кар жааса эч кандай көйгөй жаратпайт».
Эскерте кетсек, 2019- жылы сентябрь айында Суусамырга кар калың жаап, элдин талаадагы арпасы чабылбай калган.
Айдана Токтобекова