Коомдун өнүгүшүнө салымын кошуп, келечек муундун мыкты тарбия алып чыгышы үчүн жан дилин арнаган элеттик аялды чагылдырган “Элет үнү” тасмасы. Фильмдин режиссеру Асель Сыдыкова Суусамыр айылында мектепти аяктап, коммуникация факультетинде радиотелевидение, кино жана искусство бөлүмүн аяктаган.
Бирок Асель айымдын кино тармагындагы карьерасы уланган эмес. Өзүнө радио жана телевидениени ылайык көрүп, азыркы учурда Sputnik Кыргызстан үналгысында алып баруучулук кызматты аркалайт.
Каарманыбыз алдыдагы көп жылдык планында режиссерлук жөндөмүн текке кетирбей коомго пайдалуу, аң-сезимди өнүктүрүүчү, эң башкысы сапаттуу фильмдерди жаратуу үчүн ой-тилектери бар экендигин айтып, бул үчүн жакындардын колдоосу маанилүү экендигин айтты.
Гендердик адис Бактыгуль Исланбекова көпчүлүк кыздар аларды чектеген стереотиптердин айынан жабыркап, кыялындагы кесиптин ээси боло албай, калышат дейт. Мамлекеттин өнүгүүсүнө бардыгы бирдей салым кошуу үчүн эң биринчи кесип тандоодо туура багыт берип, жолду туура көрсөтүү керек деген ойдо.
Кыздар да уул балдар да жакшы тарапка өзгөрүүлөрдүн бирдей флагмандары боло алат. Алар коомдун бардык тармактарында ийгилике жетүүсүнө, кооомго толук аралашуусуна эс нерсе тоскоол болбошу керек.
Барскоондогу мотоциклчен мал доктур айым тууралуу окуңуз.
Зыйнат Самар кызы