Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жалал-Абад облусу

Билимдүү жаштар-жаркын келечек

Болот Отунчиев үй-бүлөдө 7 бир тууган. Эже- байкелери, жогорку окуу жайлардан билим алышып ага кезек келгенде мал-жандыктар менен үй-бүлөңдү багып кетесиң деп окутпай коюшкан.

18 Июль 2020 жыл 21:04

Сүрөтбаян: Карантин учурунда жаш балдардын абалын ким көзөмөлдөдү

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караган 1 жаштан 14 жашка чейинки жаш балдар каттоого алынган. Өзгөчө абал учурунда 6 бала төрөлгөн.

16 Июль 2020 жыл 23:54

Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында күндүзгү стационар уюштурулуп жатат

Тогуз-Торо районунун айыл аймактардагы айрым орто мектептер, күндүзгү стационар катары колдонууга берилип жатат.

16 Июль 2020 жыл 23:50

Базар-Коргондун дарыканаларында абал кандай?

Базар-Коргон районунун борборундагы дарыканаларда абал кандай? Учурда элге керектүү дары-дармектер барбы? Алардын өлчөмү жетиштүүбү? Тейлөө жагы жакшы уюштурулганбы? Санитардык эрежелер туура сакталабы? Дары-дармектердин баалары көтөрүлүп кеткен жокпу?

16 Июль 2020 жыл 0:09

Мигрант жаштар ооруканага кычкылтек концентраторун сатып беришти

Базар-Коргондук мигрант жаштар ооруканага кычкылтек концентраторун сатып беришти.

11 Июль 2020 жыл 11:32

Алыскы жайытка баруучу көпүрө салынды

«АРИС» уюмунун колдоосу менен Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык калктуу конушунан Тамга-Терек жайлоосуна баруучу жолго жаңы технология менен көп жылга туруштук бере ала турган сапаттуу көпүрө салынды.

4 Июль 2020 жыл 12:22

Сүрөт: Замандын талабына ылайык кой жуут пункту салынды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Тытты конушуна койлорду жаман илдеттерден арылтып, жуунту үчүн кой жуут пункту салынды.

4 Июль 2020 жыл 12:00

Аялдар социалдык маселелерди көп көтөрөт

2020-жылдын апрель айына Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо пландалган. Бирок, карантинге байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылып келет. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерде депутаттардын 30% сөзсүз түрдө аял болушу керек экени мыйзамда көрсөтүлгөн.

1 Июль 2020 жыл 12:51

Райондо кылкандуу дан эгиндерин чаап-жыйноо кызуу жүрүп жатат

Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндери бышып, дыйкандардын кызуу иш үстүндө экени көрүнүп турат. 

29 Июнь 2020 жыл 22:06

Сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Базар-Коргон районунун аймактарындагы сууга түшүүчү көлмөлөрдүн, бассейндердин тизмеси аныкталып, сууга түшүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүрдү.

29 Июнь 2020 жыл 13:12

Фото: Айылда балдар карантин учурунда

Өзгөчө кырдаал учурунда Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы жаш балдардын онлайн окуусу жана убактысын кантип өткөргөндүгү жөнүндө төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.

29 Июнь 2020 жыл 11:48

Тогуз-Торо районунда мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшырышты

Тогу- Торо районундагы мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүштү. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, райондук билим берүү бөлүмү, ички иштер бөлүмү, медицина кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүштү.

29 Июнь 2020 жыл 11:19

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тогуз-Торо районунда иш сапарында

Чечилүүнү талап кылган, көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышуу үчүн облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов Тогуз- Торо районуна иш сапары менен келди.

29 Июнь 2020 жыл 11:06

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калкына COVID-19 учурунда берилген жардамдар

Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган жардамга муктаж болгон айыл тургундарына карантин учурунда гуманитардык жардамдар берилди.

26 Июнь 2020 жыл 19:30

Кызыл-Суу айылында эл ашар жолу менен көпүрө салышты

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.

25 Июнь 2020 жыл 16:51

Бүтүрүүчү Азем Маратова олимпиададагы жетишкендиктери үчүн сыйлыкка татыды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азем Маратовага олимпиададагы жетишкендиктери үчүн Райондун администрация тарабынан ардак грамота жана ата -энесине ыраазычылык каты тапшырылды

22 Июнь 2020 жыл 16:25

Элира Турдубаева: «Жаштар качан өзүн даяр сезсе, ошондо турмуш курушат»»

“Качан үйлөнөсүң”же “Качан күйөөгө тиесиң” деген-суроолорду жаштар байма – бай угуп келээри белгилүү. Бирок, бул суроолордун жаштарга тийгизген таасири кандай?

21 Июнь 2020 жыл 12:27

Базар-Коргон районунун «Баатыр энелери» сыйланышты

Базар-Коргон району боюнча 1265 баатыр эне каттоодо турса, бүгүн да ал тизмеге жаңы «Баатыр энелер» кошулду.

7 Июнь 2020 жыл 13:11

Тогуз-Тородо аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө кайрымдуулук уланууда

Тогуз-Тородогу №7  Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин жалпы мугалимдер жамааты жана жеке ишкер Дөөлөтбек Абылкасымов тарабынан азык-түлүк даярдалып, муктаж болгон 5 үй-бүлөгө жеткирилди.

5 Июнь 2020 жыл 13:14

Сары-Булуңда нөшөрлөп жааган жаан кыянга айланды

Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.

5 Июнь 2020 жыл 13:10
Дүйшөмбү
24 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...