Тогуз-Тородогу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин жалпы мугалимдер жамааты жана жеке ишкер Дөөлөтбек Абылкасымов тарабынан азык-түлүк даярдалып, муктаж болгон 5 үй-бүлөгө жеткирилди.

Мектеп директору Венера Эпээва, социалдык педагог Самара Жумадил кызы айыл тургунуна жардам көрсөтүлүүдө
Жардам жөнөткөн ишкерге азык-түлүк менен камсыз болгон үй-бүлөлөр, мектептин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.
Бул тууралуу аталган мектептин социалдык педагогу Самара Жумадил кызы билдирди.
Ал эми Нарындын Ак-Талаа районунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк эмес башка негизде жардам көрсөтүлдү.
Анара Мааметова