Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Сыргабек Тиленбаев белгисиз бирөөнүн малын чөөлөр талап жеп жаткан жеринен таап, чөөлөрдүн бирин тирүү кармап алган.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.
Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.
Базар-Коргон районундагы Атабекова орто мектебинде районго караштуу мектептердин мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окутуудан өтүштү. Ага Ооган-Талаадагы мугалимдер да барып катышып келишкен.
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 25-январында шайланат. Бул боюнча айылдык кеңештин төрагасы Орозбек Көксариев менен маек курдук.
Акбакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы кыш мезгилин сүрөткө түшүргөн.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну, манасчы Салимбай Турсунбаев Коргол мектебинин окуучулары менен жолугуп, дил маек уюштурду. Дил маекте жакшы суроо берген окуучуларга Салимбай манасчы өзүнүн алып келген белектерин берди.
Кетмен-Дөбө айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттоодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралганын билип көрүү үчүн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соцадиси Айтолкун Сулпиева менен маек курдук.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 10-классынын окуучусу Айназик Каныбек кызы ыр жаза баштаганына беш жылдай болоюн деп калды. Айназиктин жазган ырларын мектептин мугалимдери дагы жактырып окушат.
Токтогул районуна караштуу Терек Суу айылында стоматологиялык борбору жайгашкан. Ал жерде эки жылдан бери алты айылдын элине кызмат кылып Нурболот Сактанбеков эмгектенет.
Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургуну, улакчы Санжар Абдашим уулу кичине кезинен бери эле улак ойноп келет. Улуттук оюнду бул түрүнө атасынын түрткүсү менен кызыгып ойноп калганын айтат ал.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.
Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Компаньон» банкы ачылды. Банкты имаратын айыл тургуну өз каражатына курган.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы он жылга жакын убакыттан бери иш алып барып келет. Компания банкка айлангандан бери айыл тургундарына толук кандуу банк кызматтарын көрсөтө баштады.
Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.
28-декабрдан 11-январга чейин мектеп оуучулары жана мугалимдери кышкы каникулга чыгышкан. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын мектеп окуучулары жана мугалимдери каникулда кандай эс алып жатышат?
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Жээналиев 2014-жылдан бери бул кызматта иштеп келет. Бул убакыт аралыгында аткарган иш аракеттери жана мындан кийин бул кызматта эмгектенүүнү каалайбы-жокпу, маегибизден таанышыңыз.