Жайыл районунун Ставрополовка айылында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун филиалы ачылды.
«Ак кептердин» координатору Султаналв Чакчагаевдин айтымында, филиалдын ачылышына аталган борбордун кабарчыларынын салымы чоң болгон.

«Ставрополовка айылы биздин Кара-Суу айыл аймагынын экинчи айылы. Бул айылга жамааттык медиаборбор ачуу ишинде «Ак кептердин» ыктыярчыларынын салымы өтө чоң болду. Анткени алар бул медиаборборду өзүлөрү долбоор жазып, «Клооп» колдоп, утуп алышты. Долбоор боюнча филиалга 79500 сомго медиа жабдыктар сатылып берилди», — деди Чакчагаев.
Борбордун жетекчиси болуп, Ставрополовка айылынын тургуну жана мектеп мугалими Марусич Татьяна дайындалган.

«Биздин айыл өкмөттүн эки айылында тең мультимедиаборбор иштеп, айыл тургундарынын көйгөйлөрү, жетишкендитери тууралуу маалымат берилип турат», — деп кошумчалады Чакчагаев.

Борбордун волонтерлорун «Ак кептердин» ыктыярчылары окутат, үйрөтөт. Каникулдан кийин алардын маалыматтары менен тааныша алабыз.
Даярдаган: Алымбекова Канышай
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн