Муборак Юлдашева Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери өзүнүн айылдаштарына жардам берип, калк арасында урмат сыйга ээ адамдардын бири.
Ал 2005-жылдардан бери БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен иштешип, Үч-Коргон айыл аймагына инвестиция тартып, көпчүлүк адамдардын түйшүгүн жеңилдетүүгө жетишкен.

“Менин жеке коомдук бирикмем бар. Биз аялдар жамаатын түзгөнбүз жана ар айда топтолуп, айылдагы көйгөйлүү маселерди талкуулап, жер жерлерге барып, ал көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылабыз”, — деп токтолду Юлдашева.
Юлдашева кошумчалагандай, бул коомдук бирикменин фонду да бар. Фонд кыйналган үй бүлөлөргө салык төлөмдөрүн төлөөгө жана башка ушул сыяктуу чыгымдарга жардам берет.
Элдин түйшүгү жана өзүнүн үй бүлөсүнүн кыйынчылыктарын жоомарттык менен жеңип, Үч-Коргон айылындагы элдин алкышын жана батасын алып олтурат.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ