14-ноябрда Фридрих Эберт фондунда болдук. Бул фонд Германиянын зң биринчи фонддорунун бири. Бул фонд өз атын Германиянын биринчи демократиялык шайлоодо тандалып алынган президентинин наамына коюлган.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Фонддун негизги иштеринин бири — Германиядагы жана чет өлкөлөрдөгү демократиялык принциптерди колдоо.
Биз фонддун баса сөз кызматынын жетекчиси Петер Донайски менен жолуктук.
Донайски Эберт фондунун пресс кызматынын иши тууралуу айтып берди.

Эберт фондунан чыгып, качкындар медиасына бардык. Бул жерде ар кайсы өлкөлөрдөн келген качкындар иштешет экен.

Бул медиаборбордун иши тууралуу ошол жерде иштегендер айтып беришти. Бул жерде материалдар ар кайсы тилде чыгарылып, гранттарды алып иштешет.
Саат 16-30да Германиянын Бундестагына келдик.
Туристтер көп.




Биринчи эле депутаттар жыйын өткөрө турган жайда болдук. Андан кийин советтик аскерлердин Рейхстагдын дубалдарына калтырган кол жазмалары менен тааныштык — кол жазмалар абдан көп. Меркелдин кабинетине кире турган эшикти, Гитлердин жер төлөсүнө кире турган эшикти көрдүк. Акырында Рейхстагдын чатырына чыктык. Кечки Берлинди рейхстагдын чатырына чыгып көрдүк.

Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Мына ушуну менен экинчи күнүбүз аяктады.
Даярдаган: С. Чакчагаев.