Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынаy Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлеринин саны жалпысынан 1381 болсо, алардан 505 адам кайткан эмес.
1945-жылы 875 адам кандуу согуштан тирүү кайтып келген. Улуу жеңиштин 70 жылдыгында алардан Үч-Коргон айыл аймагында бүгүнкү күнү бешөө гана тирүү.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахмановдун демилгеси менен жалпы айыл өкмөттүн жамааты Ата мекендик согуштун ардагерлерине тургузулган эстеликтери орнотулган аянтта ишембиликке чыгышты.
Андан сырткары айыл өкмөт тарабынан согуштун ардагерлине камкордуктар көрүлүп, эки ардагерге өкмөттүк бюджеттен атайын акча бөлүнгөн. Ал каражатка ардагерлердин үйүндөгү эшик-терезелер алмаштырып, ыңгайлуу шарттарды түзүп беришкен.

Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ