Ош шаарында өткөн семинарда жаштар бир топ маселерди карап, саясий партиялардын ролу жана аткарган иш аракеттери боюнча талкуу жүргүзүштү. Аны Демократия колдоо фонду уюштурду.
Ош шаарында «Жаштар саясатын колдоо жана жаштардын реформаларын алдыга жүргүзүү» боюнча жаш лидерлердин жолугушуусу болуп өттү.
«Демократия колдоо фонду жаштар менен көптөгөн иштерди аткарып келүүдө. Бүгүнкү башталган жаштар семинары Кыргызстандын жалпы региондорунда өткөрүлөт жана атайын жаштар үчүн жайында лагерь өткөрүлөт. Азыр жаштар саясий партиялардын орду, аткарган иш аракеттери боюнча талкуу жүргүзүшүүдө. Жыйынтыгында биз аларга жеке долбоорлорун сунуштоо үчүн убакыт беребиз жана ал долбоорлорду колдоого ала турганын колдоого алабыз», — деп билдирди аталган фонддун директору Назгул Жолдошова.
Жолугушууга Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жаш активисттери катшышкан. Баткен облусунун Кадамжай районуна краштуу Үч-Коргон айылынан Арипов Атабек, Сабыр уулу Шумкарбек аталган семинарга катышып келген.
«Менин оюмча, бул семинар абдан жакшы деңгээлде өтүп жатат. Анткени үч облустун жаштары бүгүн жаңы долбоорлор, саясий партиялардын ролу жана аткарган иш аракеттери боюнча талкууларды өткөрүшүүдө. Бул долбоор кайра уланат ошондо биз жаңы долбоорлорду сунуштап ишке ашырабыз деген пландарыбыз бар», — дейт Арипов.
