Үч-Коргондогу багбандардын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл гилас терүү сезону жакшы башталды.
Жумабек Макеев 20 жылдан бери бул сезондо гилас сатып алып, аны жүктөп Орусияга жөнөтөт. Ал көбүнчө Үч-Коргон айыл аймагына караган Исфайрам жана Калтак кыштактарындагы багбандар менен иштешет.
Анын айтымында, гиластын бир килограммынын баасы быйыл 110 сомго чейин көтөрүлгөн.
“Башка аймактарга салыштырмалуу бул жердин гиластары жакшы, чоң. Гилас Кыргызстандын аймагына эмес, чет жерлерге чыгарылат. […] Гиластын баасы бул сезондо 90 сомдон 110 сомго чейин көтөрүлдү”, — деп токтолду алып сатуучу.
Макеев кошумчалагандай, буга чейин чек арадан 25 тоннага чейин жүк өткөрүүгө уруксат берилген болсо, быйыл 18 тонна жүк менен гана чек-арадан өтүүгө болот.
Үч-коргондо гилас сезону бир айга созулат. Бул убакыт ичинде багбандар көбүрөөк түшүм алуу үчүн гилас бактарын дарылап, кургаган бутактарынан арылтып, түптөрүн жумшартып суугарып турушат.
Багбан Марат Жолдошев Калтак айылынын тургуну. Быйылкы гилас сезону ал үчүн жакшы башталган.
Быйыл гиластын баасы өзгөргөн жок дейт багбан.
“Былтыркыга салыштырмалуу быйыл сезон жакшы башталды. Гиластын наркы быйыл өзгөргөн жок, жылдагыдай эле 110 сом. Кирешени жакшы эле алабыз 5-6 тоннага чейин…”, — деп айтты ал.
Жолдошевдин билдиришинче, азыр терүү-жыйыноо бүтө элек. Буюрган кирешени алам деген ойдо ал.
“Түшкөн киреше көбүнчөсү үй-тиричилигине эле кетип калат. Гиласты ортомчулар аркылуу өткөрөбүз. Алар бизнес менен алектенишет да, ошондуктан алардын саламы чоң. Анткени бүгүнкү күндө дыйкандардын акчасы жеке ишкердик менен алектенүүгө жетпейт”, — деген ою менен бөлүштү үч-коргондук багбан Марат Жолдошев.
Бул сезондун дагы бир каармандары — булар гилас тергендер — теримчилер. Алардын кызматы — бышып жетилген гиластарды жыйнап алуу. Теримчилерге түшкү тамак каралган жана күнүнө алар 400-500 сомго чейин акча табышат.
Алар үчүн гилас терүү оор эмес, алган эмгек акысына канааттангандыктарын айтышат алар.
Бул сезонду үч-коргондуктар жылдагыдай түшүмдүү өткөрүүгө ниеттенип жана алдыдагы өрүк, алма жана шабдалы сезондоруна даярдык көрүп жатышат.
[soundcloud id=’155920027′]
Автор: Атабек Арипов, Шахрибонум Игамбердиева