Могол айыл өкмөтү 1978-жылга чейин өзүнүн имаратында турган. Аталган жылдан бери алар Ачы токой чарбасынын имаратында ижара төлөп эмгектенип келишет.
Могол айыл өкмөтүнүн имараты 1957-жылы курулуп 1978-жылы жарактан чыккан. Ошондон бери айыл өкмөтү ижара акысы үчүн Ачы токой чарбасынын имаратын оңдоп-түзөп келишет.
“Ижара акы жылдык орточо эсеп менен 50 миң сомдун тегерегинде, бирок биз ал акчага ремонт кылабыз. Бизде жаңы имарат куруу жөнүндө пландар болгон, бирок ишке аша элек, себеби каражат жетишпейт”, — деди Могол айыл өкмөтүнүн катчысы Бактыгүл Алыбаева.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловдун айтымында, алар эки жылдан бери бейөкмөт уюмдарына жана финансы министрлигинин стимулдаштырылган грантына арыз жазып келишет.
“Алардан акча жок, каражат жетишпейт деген гана жооптор келет. Өкмөттүн имараты 15-жылдан бери жок жана имараттын үч бөлмөсүнүн дубалдары көчүп, ал жерде иштегенге болбой калган”, — деп билдирди Эркин Турдукулов.
Могол айыл өкмөтүнүн имаратын жана анын кооптуу жерлерин сүрөткө тартып бийликке арыз жазышкан. Учурда алардан жооп күтүп олтурушканын айтат Эркин Турдукулов.
Аталган айыл өкмөттүн арызын карап, анын кабыл алынып-алынбашын сурап-билүү үчүн финансы министрлигинен жооп алууга мүмкүн болгон жок.
[soundcloud id=’155951046′]
Автор: Абдышарип Миташов, Айсулуу Эркинбекова