Үч-Коргон айыл аймагы боюнча гилас сезону эрте башталды. Аба-ырайынын өзгөрүүсү гиластарга жана башка мөмө жемиштерге терс таасирин тийгизген.«Өткөн жылы гиластын баасы 250 сомго чыккан эле, быйыл эки жолу мөндүр жаап баардык мөмөлөрдү чиритип жиберди. Келген кардарлар да гиластарды көрүп алгысы келбей жатат. Үч-Коргондун борборунда эле ушундай, калган жерлеринде мөндүр жааган жок аба-ырайына каршы чыга албайбыз. Былтыркы жылы кар жаап ушундай болгон эле», — дейт айыл тургуну Юлдашов Умаржон.Мурдагы жылдары айылдыктар эки тоннадан түшүм алып сатышкан болсо, быйыл 500 килограммга да жетпеген гилас сатышууда. Эгер ар жылы ушундай жыйынтык кайталана берсе айыл тургундарынын айласын кетирип бак-дарактардан болгон үмүттөрүн үзүүсү күтүлүүдө.Үч-Коргон айылынын негизги тапкан киреше булактары гилас жана башка мөмө жемиштерден. Көпчүлүк айылдын тургундары бактагы мөмө жемиштеринин алдынан кредит алышкан.Жылына жакшы түшүм алуу максатында беш же алты жолу дарактарга даары себилет. Эч болбогондо дарактарга себилген дарыларыбызды акчасын актаса деп үмүттөнүп жаткан дыйкандардын саны арбын.«Гиластардын майдаларын абдан эле арзан алып жатышат. Эң биринчи быша турган гиластарды беш сомдон да алышты. Келишим менен тандап алып жатышат. Бир эле гилас мөмөсү эмес өрүк, кайналы жана башка мөмөлөргө да күтүүсүз жааган мөндүрдүн таасири чоң болду», — дейт Ибрагимова Феруза.Үч-Коргондун айрым аймактарында гилас жакшы болгону менен баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир топ арзан болууда. «Сатпай коюуга айлабыз жок, чоң муздаткычтарга сактасак да чирип кетүүдө» деп билдирүүшүдө айылдык дыйкандар.
Даярдагандар: Арипов Атабек, Сабыр уулу Шумкар