Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.
Гульноза Мамажанова Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал Койлук базарында көп жылдардан бери соода менен алектенип келет.

“Быйыл мөмө жемиштер күндүн суугуна карабай жакшы болду. Эки жолу мөндүр жана жаан жаады, сел жүрүү да болду бирок, ушуга карабай кудайга шугур жемиштерибиз жакшы болду. Июнь айынан тарта жемиштерибиз быша баштайт. Үч-Коргондо гилас, алма, шабдалы, кайналы, алмурут, курма, бийи, өрүк, анар жана ушул сыяктуу бардык мөмө жемиштер бышып жетилет”, — деп токтолду ал.
Мамажанованын айтымында, эгер күн жылуу болсо ноябрга чейин соода менен алектенгенге болот. Суук эрте түшсө арзан жана дүң баада сатууга аргасыз болушат.
Хайдарали Якубжанов үчкоргондук тажрыйбалуу дыйкандардын бири.

“Биздин ноябрь айынына чейин соода кылалы деген максаттабыз бар. Анткени бактагы жемиштерди толук жыйнап бүтө элекпиз. Былтыркыга салыштырмалуу аз болгону менен өзүбүзгө жетет деп ойлойм. Аба-ырайы кээде суук, кээде ысык болуп, жыйноо иштерине кечигип калдык. Үч-Коргондуктар бир гана мөмө жемиш менен үй-бүлөнү бага алышпайт. Көпчүлүк адамдар үй жаныбарлары, уй, кой, тоок жана башка жандыктарды багышат, айрымдары чет жактарда эмгектенишет”, — деди Якубжанов.

Үч-Коргон айылында эркек кишилер мөмө-жемиш бактарынын түбүн жумшатып, чириндилерди жер астына салышып, дарактардагы ашыкча керексиз шактарды кесип, мол түшүм алууга даярдашат. Аялдар болсо кесилген шактарды жыйноо жана башка жеңил иштерге жардам беришет. Эгерде дыйкандар дарылоо жана башка иштерди өз убагында аткарбаса, ар кандай ооруулар, зыянкечтер дарактарга түшүп, күтүлгөн түшүмдү бербей калат дешет жергиликтүү дыйкандар.

Бул жылы шабдалынын баасы 30 сомго чейин, ал эми курма болсо 20 сом, алма 28 сомдон төмөн. Бышып жетилген жемиштер Орусияга экспорттолууда.

Дыйкандар бир жылда орточо тапкан кирешеси 40 миңден 60 миңге чейин жетет. Өткөн жылдарда табылган киреше 50 миңден 100 миң сомго жеткен.

Абабакир Жунусов Айдаркен шаарынын тургуну. “Азыр бишкекке кетип жатабыз жолдогу мөмө жемиштерди көрүп алып кетели деп токтодук. Бул жердеги баа мени канаттандырбайт. Анткени мен да дыйканмын, мөмө жемиштердин баасы өтө арзан, сатуучулардын койгон баасы мени каныктырбайт, анткени бул өтө эле арзан. Бул жердеги адамдар суук болгондугуна карабастан иштеп отурушат. Дыйкандардын мээнетин эч болбосо актаса жакшы болмок бирок, тилекке каршы алып сатуучулар пайданы жакшы табышат, бул жерден арзан алып башка жакка кымбат баада сатышат”, — деген оюн айтты жүргүнчү.
Даярдаган: Абурахманова Гулбахор
Сынак үчүн.
КМ