Үч-Коргондун Боз айылында ичимдик суусу көп жылдардан бери оң жакка чечилбей келет. Бул туурасында аталган айыл тургуну Наргүл Каарова билдирди.
Наргүл Каарованын айтымында, буга чейин көптөгөн долбоорлор иштеп айылдыктарга мүмкүнчүлүк жаратканга аракет кылышкан бирок, айылдыктардын мүдөөсү ишке ашпай кыска мөөнөттүү долбоорлор токтоп калган.
“Биздин айылга көптөн бери чоң Исфайрам каналы өтөт деп келишет. Бул канал өтүп калса, бизге абдан жакшы болот эле. Бирок ушул күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Көпчүлүк элдер негизги дарыя болгон Исфайрамдагы сууну таза колдонушпайт, ар кандай таштандыларды төгүп, машиналарды жуушат, бул балдарыбызга зыян”, — деп билдирди Каарова.
Аталган айылда мөмөлүү дарактардан бир гана гилас дарагын эгүүгө болот. Анткени жашылча жана башка жемиштерди эгип караганга суу жетишсиз. Бүгүнкү күнү Үч-Коргон айылында орточо 70 пайыз айыл тургундары таза суу менен камсыз болушкан болсо, 30 пайыз жашоочулар арыктардан аккан сууларды ичишет.
Айыл тургандыры суу маселеси боюнча көйгөйлөр чечилип келе жаткандыгын, бул маселеге Үч-Коргон айыл өкмөтү да кайдыгер карабагандыгын айтышат.
Жылдыз Чоёнова Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери Манас Ата орто мектебинде химия жана биология боюнча сабак берип келет.
“Суу маселеси боюнча токтолсом, бизде айылда чындыгында таза суу тартыш. Бир эле таза суу эмес, бактарды суугарганга суугат да жетпейт. Алыскы арыктардан сууларды ташып келип бачокторго толтуруп ичебиз. АРИСтин долбоору боюнча жакшы иш алып барылып жатат. Буюрса ошол сыяктуу долбоорлор ишке ашып калса таза суу менен камсыз болуп калабыз деген үмүтүбүз бар. Таза суу боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтү да карап отурган жок алар келип ушул маселени чечүү боюнча аракеттерин кылып жатышат. Негизи элде таза сууга жетебиз деген ишеним бар”, — дейт Чоёнова.
Бул маселе боюнча атайын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахмановго кайрылдык.
“Биздин айыл аймакка кирген Боз айылын көп жылдардан бери таза суу менен камсыз кылуу максатында ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Атайын Исфайрам каналын өткөрүү боюнча долбоорубуз бар. Биздин Үч-Коргон айылында 70-80 пайыз жашоочулар таза суу менен камсыз болушкан. Бюрса калган айылдарыбызга да толук таза суу жеткирип берүү аракетиндебиз”, — деп билдирди айыл өкмөтүнүн башчысы Абдурахманов.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ