Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 23 жаштагы Махамаджон Билиялов көп жылдардан бери акча чогултуу менен алектенип келет. Себеби ал жаш кезинен эле коллекционерликке кызыгып келгенин айтат.
“Мен сегиз жылдан бери акча чогултуу менен алектенем. Бирден, экиден топтоп жүрүп ушунчага жетти. Мага көптөгөн кардарлар сатышымды суранып келишти, бирок мен бул акчаларды сатуу ниетим жок”, — дейт Махамаджан.

Жаш коллекционер ошондой эле эски медаль жана тыйындарды чогултуп, келечекте музей ачсам деген ою бар экендигин кыстара кетти.
“Чогулткан акчаларымдын арасында азыр иштеп жаткан кыргыз сомдору да бар. Жакынкы он жылда акча алмашып кетет деп уккандан кийин алардан да алып сактап койдум”, — дейт ал.

Бул акчалардын эң эле эскилери мындан 400 жыл мурда колдонулган акчалар. Махамаджан чогулткан акчалар саны 100 даанадан ашат. Алардын арасында Индия, Орусия, Жапоня, Корея, Өзбекстан, Тажикстан, Корея, Афганистан жана дагы көп мамлекеттердин акчалары бар.

«Топтомумдагы көптөгөн акчалар кайсы мамлекетке таандык экенин өзүмда билбейм, себеби ал мамлекеттердин кээ бирлери жок болуп да кеткен”, — дейт Махамаджан.
«Акчаларыма көптөгөн кардарлар келип 100 миң сомго чейинки наркта сурашты, бирок мен алары сатуу ниетим жок. Эски тыйындарды да чогулттум. Келечекте максаттарым көп.»
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ