“Берекелүү алтын күз” деген аталыштагы майрам Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейинде өттү. Анда лицейдин окуучулары жана мугалимдери мөмө жемиштер жарманкесин уюштуруп, концерттик программалар менен коштолду.
Майрамдын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаев алтын күз майрамы менен куттуктады.
“Мына бүгүн биздин окуу жайда шаңдуу майрам өткөрүлүп жатат. Ар бир мугалим, окуучу атайын даярдыктарды көрүшкөн. Биз буларды албетте баалайбыз анткени мындай майрамдар, иш чаралар биз үчүн абдан маанилүү болуп эсептелинет”, — деп билдирип өттү лицей директору.
Аталаган окуу жайдын окуучулары жана мугалимдери тарабынан күзгү дастаркон жайылып, жарманке уюштурулду.
Кызыл-Кыя шаарынын мэрясы тарабынан 7-кесиптик лицейдин директорунун орун басары Ырысбек Артыкбаев ардак грамотасы менен сыйланды.
Майрам концерттик программалар жана сахналык көрүнүштөр менен коштолду. Жеңүүчүлөр окуу жайдын админстарциясы тарабынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Даярдаган: Шерикбек Бакиров
Редактору: Ирода Хасанова
Сынак үчүн