Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында көпчүлүк аялдар тигүүчүлүк менен алектенишет. Бул тууралуу тармакта 20 жылдык тажрыйбага ээ ишмер аял Мавлюда Хайдарова билдирди.
“Мен 20 жылдан ашык убакыттан бери ушул кесип боюнча иштеп келүүдөмүн. Тигүүчүлүккө жаш кезимен чоң апаларымдан көрүп кызыгып токуп, тиге баштагам. Бүгүнкү күнү бул жерде көптөгөн кыздарга тигүүчүлүктөн сабак берип келебиз”, — деди ал.
Хайдарованын билдиришинче, Үч-Коргон айылында тигүүчүлүккө кызыккан кыз келиндердин саны арбын. Айрыкча жаш кыздар үрп-адат боюнча тигүүчүлүктү билүүсү керектелет.
“Кыздар 17-18 жаштан турмушка чыгышат. Ошондуктан колунда бир өнөрү болсо жакшы деп ойлойм. Өзүнө керектүү нерселерди өздөрү тигип даярдап коюшат. Базардан сатып алгандан арзан түшөт жана сапаттуу да болот”, — деп айтты Хайдарова.
Ишмер аял тигүүчүлүк кесиби аркылуу үй-бүлө бюджетине киреше алып келип, жолдошуна жардам көрсөтүп келет. Үч-Коргондо бир гана тигүүчүлүк кесиби менен эмес ашпоз кесибин үйрөтүүчү мекемелер да жаш кыз-келиндер үчүн билим берип келет.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ