Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында тажик улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылышат. Сырттан байкалбаганы менен алардын өз ара сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктары бар.
Үч-Коргондогу көрүнүктүү ишмер жана Тажик ассоциясынын негиздөөчүсү Мавлон Абдуразаков айылдагы тажик эли эки “Тонтон” жана “Чичи” диалекттеринде сүйлөшөөрүн айтат.

“Биздин айылда көп улут жашайт. Алар: тажик, кыргыз, өзбек жана башка көптөгөн улуттар. Эми тажик улуттарына токтолсок, бизде бир эле тажик улутундагылар эки диалектиде сүйлөшөт. Бул тонтон тажиктери самарканддык тажиктер деп коюшат. Ал эми чичилерди бухаралык тажиктер деп коюшат. Айырмасы — тонтон тажиктери ар бир сөздүн соңунда -тон мүчөсүн кошуп сүйлөшсө, чичилер болсо сөзүнүн соңунда -чи мүчөсүн кошуп сүйлөшөт”, — деп түшүндүрүп берди Абдуразаков.

Айыл тургундарын айтымында, мурда салт боюнча тонтон жана чичилер бири-бирине кыз алып, кыз берген эмес. Убакыт өтүп тонтон жана чичи тажиктери бул салтты жокко чыгарышып, достук мамилелерин чыңдай башташкан.
Бүгүнкү күнү тонтон жана чичилерди айырмалоо кыйын болуп калганын да айылдыктар белгилешет.
Даярдаган: Бакиров Шерикбек
Сынак үчүн
ИХ