Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.

Кыш быйыл жылдагыдан эртерээк келди дейт айыл тургуну Тамара Азаркулова. “Кыш быйыл жылдагыдан аябай суук болуп жатат. Кыш негизи мага жакпайт, жакпаса да келет экен да. Жылдарга салыштырмалуу эрте келди”, — деди ал.


«Эртең менен турсам айлана аппак болуп калыптыр. Кыш негизи мага абдан жагат. 27-ноябрь күнү биринчи кар жаады. Жылдагыдан суук болуп жатат”, — деди Терек-Суунун дагы бир тургуну Лаура Балтабекова.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн