Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Шекилбаева кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.
Гүлнара Шекилбаева кардарлары кандай буйрутма берсе тиге берет. Ал эми жасаган эмгеги үчүн кээде ал баа койбосун айтат.
“Ар кандай концерттерде кѳйнѳктѳрүн тигип берем. Айылдагы адамдар кѳбүнчѳ чыптаманы буйрутма кылышат. Баалары болсо ар кандай болот. Берген буйрутмасына карап беришет. Кээде кѳӊүлүӊѳн чыгарып бере бер деп коём”, — деди Шекилбаева.

Мектеп окуучусу Үсѳн кызы Алина Гүлнара эженин кѳйнѳктѳрү кооз жана сапатуу болот дейт. “Биз тиктирген кѳйнѳк мага абдан жакты. Биз тил күнүнѳ арналган кечеге беш кыз тиктиргенбиз. Биз ойлоп каалагандай эле кылып тигип берди”, — деди ал.

Дагы бир окуучу Адила Кыдырмаева кѳйнѳктү 350 сомго тиктиргенин айтты. “Тигилиши бизге жакты. Биз кѳйнѳктүн түзүлүшүн айтып бергенбиз жана биз күткѳндѳй эле болду”, — деди ал.



Булар Гүлнара Шекилбаеванын колунан жаралган көйнөктөр.
Айрым сүрөттөр окуучулардын ѳздүк архивинен алынды.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн