Мындай маалымат бүгүн ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өткөн чогулушта белгилүү болду.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Ж. Мамбетова:
— Ак-Талаа районунда быйыл СПИД оорусу менен жабыркаган 11 учур катталды. Анализ жасап көрсөк биздин райондо туруктуу эмес, сырттан келгендер же Орусияда, Казакстанда иштеп келген жарандар болууда. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө туруп, дарылоо курстарын алып жатышат. Ай сайын анализдер алынып, текшерилип турушат. Булардын арасында жаш келиндер, аялдар жана эркектер бар.
Былтыр СПИД менен катталгандардын саны район боюнча сегиз болчу.
Даярдаган: Г.Мамытбекова