Ак-Талаа районундагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу максатында жер-жеринде жолугушуулар өтүүдө.
Бүгүн акимдин орун басары Ж.Мамбетова жана билим берүү бөлумүнүн, прокуратура, РИИБ, үй-булөлүк дарыгерлер борборунун жана дин өкүлдөрүнүн катышуусундагы иш чара Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болду.

Акимдин орун басары Ж.Мамбетова жолугушуунун максатына кеңири токтолуп, учурда райондун аймагында өспурүмдөр арасында кылмыштуулук, өзүнө-өзү кол салуу, зордук-зомбулук өсүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле эрте жаштагы кыздардын никеге туруусу көнүмүш адат катары кабыл алынып бара жатканына, тилекке каршы, мындай учурда мыйзамдуу иш аракеттерге бара албай жаткандыктарын кошумчалады. Анткени кызын эрте жашта күйөөгө берген ата-эненин жоопкерчилиги эч мыйзамда каралган эмес. Келечек балдардыкы, демек биз алардын билими, коопсуздугу, ден соолугу үчүн жоопкербиз. Азыртан баарыбыз, коомчулук аракет кылбасак, жалгыз мектепке түртө салганыбыз туура эмес”, — деп билдирди Мамбетова.

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлү Ч.Дөнөнбаева «Кыздарды эрте жаштан күйөөгө бергенде ата-эне анын мойнуна бир үй-булөнүн түйшүгүн артып бергенин түшүнбөй жатышат. Балага көзөмөлдү ата-эне кылуусу керек» деген оюн айтты.

Ал эми РИИБнин кызматкери Ж.Жусубалиева ата-эне жана балдарга «Канткенде зордук-зомбулукту азайтабыз, рекетчиликти кантип жоёбуз?» деген суроо менен кайрылып, учурда ата-энелер балдарынын кечки 10дон кийин кайда жүргөнүн көзөмөлдөбөсүн айтып өттү.
Жолугушууда ата-энелер бул тема боюнча өз пикирлерин айтышты. Мындай жолугушуу райондун аймагындагы 18 мектепте өтүлөт.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида