Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө Аксакалдар соту коомдук алдын алуу бөлүмүнө келип түшкөн эки жарандык арызды карады. Бул боюнча Баетов айылынын участкалык милиционери Бурул Батырбек кызы кабарлады.
9-ноябрда Баетов айылынын тургуну мас абалында үйүнө тынчтык бербей жатканы жөнүндө нөөмөт бөлүмгө маалымат түшкөн. Ыкчам то Д.Кны бөлүмгө алып келген. Териштирилип материал Аксакалдар сотунун кароосуна берилген.

Аксакалдар сотунун төрагасы Айдаркул Саткынов «Сен өзүңдөн кийинки инилериңе өзүңдүн жүрүш-турушуң менен кандай тарбия бере аласың? Үй-бүлө, жашоо сеники деп үй-бүлөнү ушундай беймазага сала берүү болбойт» деп айтты.

Ал эми кунөөлүү Д.К. мындан ары мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгына убада берди.
Бурул Батырбек кызынын айтымында, үй-бүлөнү сактоо, ынтымакты бекемдөө максатында коомдук алдын алуу борборлорунда жарандык арыздар каралып турат.
Арыздар биринчи Аксакалдар сотунда каралып, жыйынтык чыкпаса, административдик жазага тартылат.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова