Республиканын аймагында 2016-жылдын 21-ноябрына чейин кырсык болгон жерден айдоочунун качып кетүүсү менен коштолгон 727 жол кырсыгы катталган. Ал эми Нарын облусу боюнча 5 жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан.

Ак-Талаа РИИБ боюнча ЖКК тобунун ага инспектору Т.Иманалиев:
— Бул боюнча жетекчиликтин буйругу чыккан. Иш мерчемдер иштелип чыккан. Ошонун негизинде иш алып баруудабыз. Патрулдук милициянын иши жол кырсыктарынын көрсөткүчүнө байланыштуу. Демек эффективдүү иш алып баруу керек.
Райондун аймагында жол эрежелерин бузган айдоочуларга административдик чараларды көрүү жана бирге автоунаа оңдоочу жайларды жана автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөндөрдү текшерүү колго алынууда.
Үстбүздөгү жылдын акыркы 10 айында балдардын жол кырсыктарына кабылуусунун 27 учуру катталса, 6 бала алган жаракаттардан улам каза болгон. Бул көрсөткүч облуска тиешелүү болгондуктан балдар менен тыгыз иш алып баруу зарыл.
Мына ушул максатта учурда райондун аймагындагы мектептерде окуучуларга жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жылып жүрүүчү посттор уюштурулуп, РИИБнин кызматкерлери менен бирге жол транспорт кырсыктарына шектүү автоунааларды кылдаттык менен текшерүү, аларды ок атуучу, жарылуучу заттарды, диний экстремисттик китеп, баракчаларды алып өтүшүнө бөгөт коюу иштери жүрүп жатат.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактор: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн