Лейлек районундагы Андарак айылынын тургуну Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багып, алар менен улак тартыш оюнуна катышып келет. Ал аттарын Өзгөн шаарынан жана Орусиядан алып келген.
Каттабек Орозбаев кичинесинен улак тартышка кызыгып келген. Ал көп жылдардан бери асыл тукум аттарды ар кайсы жактан алып келип багып келет.
Анын колунда азыр үч асыл тукум аты бар. Аларга өзү ысым дагы ыйгарган: Снегопад, Валет, Лачн.
Каттабек мындан ары дагы каражат топтоп дагы башка асыл тукум аттарды алып келээрин айтат:
— Мен эки атымды Өзгөндөн, бирөөсүн Орусиядан алып келгем. Буйруса, ушул асыл тукум аттардан урук алып, жаш өспүрүм тайларын башка жактарга алып барып сатам.

Ал бул аттарды убак-убагы менен урук алып багып келет. Өзү карап жетишпегенине байланыштуу кээде саяпкерлерге бактырат.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактору: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн