Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Чыңгызбек Саттаров учурда алатоо пародасындагы өгүздөрдү багып жатат. Ал буга чейин швед пародасындагы өгүздөрдү багып, ошону менен бизнес кылып келгенин айтат.
Андарактын тургуну Чыңгызбек Саттаров он жылдан бери өгүздөр менен бизнес кылып, анын арты менен үй-бүлөөсүн багып келет.
Чыңгызбек учурда төрт ала тоо пародасындагы өгүздөрдү багып жатат.
Бул өгүздөрдү ал Бишкектен алып келгенин айтат. «Мен адатта 4 же 5 өгүз алып келип багам. Буларды 6-7 ай багып, базарга алып барып сатам», — деди андарактын ишкер.
Чыңгызбек өгүздөргө жем-чөптөн тышкары, витаминдер менен да багаарын кошумчалады.

Ал келечекте россия пародасындагы өгүздөрдү алып келип багайын деген оюн кыстара кетти.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактору: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн