Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин кыздар волейбол тобу алдыда боло турган зоналык жана райондук мелдештерге даярданууда. Кыздардын тобу учурда райондун мектептерине барып, жолдоштук беттештерге катышууда.
Манас орто мектебинин кыздар волейбол тобу 2013-жылдан бери зоналык жана райондук турларга катышып келет.
Азыр кыздар зоналык мелдешке даярданып жатат. Алардын баары 8-9-кластын окуучу кыздары.
Волейбол боюнча кыздардын машыктыручуусу Жумабек Батыров:
— Зоналык мелдештерде ар кандай орундарга илешип, 1-орунду 2015-жылга чейин алган эмес. Былтыркы жылы зоналык мелдештен 1-орунду алып, райондук мелдеште тилеке каршы 2-орунду алып калды.
Волейболчулар жумасына үч жолу машыгышат. Зоналык турнир январь айында болот.
«Биз бул жылкы мелдештерде жалаң гана биринчи орунду гана камсыздайбыз деп ишенебиз. Учурда даярдыктар жакшы болуп жатат», — дешет Андарактын волейболчу кыздары.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактору: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн