Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектеби зоналык олимпиадаларга даярданууда. Буга чейин аталган мектептин окуучулары олимпиадада зоналык, райондук жана облустук деңгээлге чейин катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.
Учурда окуучулар 10-декабрь күнү боло турган зоналык олимпиадага даярданып жатышат. Былтыр олимпиада Манас орто мектебинде өткөрүлгөн болчу. Быйыл зоналык олимпиада өтө турган жери тактала элек.
Манас орто мектебинин орус тили сабагынан мугалим Бурма Узакова алдыда боло турган олимпиадага окуучуларын даярдап жатат.

— Мен былтыркы жылдан баштап эле окуучуларды даярдай баштадым. Былтыр бир окуучум зонадан 1-орунду, дагы бири 3-орунду камсыз кылган.
20 жылдан бери кыргыз тили сабагынан берген Кайриниса Сулайманованын окуучулары ар кайсы баскычтагы олимпиадаларда ийгиликке жеткен.

— Биз учурда зоналык олимпиадага даярданып жатабыз, менин 2005-жылкы бүтүрүүчү окуучум Барчын Бекмуратова облустук турдан 2-орунду камсыз кылган. Дагы бир 2014-жылкы бүтүрүүчү Айдана Абдыкалова дагы «Түрк лицейлери» уюштурган кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча облустук турда 2-орунду камсыз кылган.
Биология, химия предметтери боюнча Алия Кудайбердиева дагы окуучуларын даярдап жатканын айтып өттү.
— Буйруса, зоналык олимпиадаларга даярдыктар жакшы болуп жатат десем болот. Мен биология, химия предметтери боюнча окуучуларды даярдап жатам. Буга чейин дагы окуучуларым зоналдык, райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келген.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактору: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн