Мунун максаты ата-энелердин мектепке көбүрөөк көңүл буруусу жана окуучулардын талантын эл алдына алып чыгуу.
Биз бул жөнүндө «үч жылдыз» конкурсунун катышуучуларынан сурап мындай жооп алдык.
«Биздин оюбузча жакшы эле болду, бул конкурс эки бөлүктөн өттү. «Спорттук мелдеш» жана «концерт» түрүндө болду. Дагы көптөгөн ушундай конкурстар өтүп турса жакшы болмок»,-деп айтышты 8-класстын окуучулары.
Ушундай эле суроо менен конкурстун жеңүүчүлөрүнө кайрылдык. Алар: «Биздин даярдыка ата-энелердин да салымы чоң болду. Мурун ата-энелер көп каралашчу эмес. Ушундай «Үч жылдыз»(ата-эне, окуучу, мугалим)»-деп уйуштурган мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз.
Андан кийинки суроону 9-класстын окуучусу Ажыбекова Сезимге бердик.
«Мен буга жакшы эле карайм, жакшы болуптур. Экинчи орунду алдык. Каалыстар жакшы эле баалап жатышты, бирок анча көнүлгө толбой калды. Мен дагы мындай ич-чаралардын көп болусун кааламакмын»-деген оюн билдирди Сезим.
Автор: Газел Русланова, Перизат Кубанычбекова, Эркинай Нарынбекова