«Бул күрөштүн ачылганына бир жарым жылдай болуп калды. Буюрса жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ачылгандан 15 күндөн кийин эле үчөө алдыңкы орунга жетишти. Жана дагы эл аралык мелдештерден көптөгөн орундарга жетишип келетабыз. Республикалык мелдештерге да барып жүрөбүз»,-деп айтып берди машыктыруучу Назарбек агай.
«Айыл өкмөт тарабынан марафон уюштуруп берилди. Ал марафондо спонсор болуп айылдаштарыбыз, туугандарыбыз, шаардагы байкелерибиз тогуз жарым метрлик килем алып беришти»,-дейт тренер Назарбек байке.
«Бизге көйгөй болгон маселе күрөшкөн залыбыз тар болуп жатат. Ал жерге валейбол дагы ойношот. Улам чыгарып кайра тагып. Ушул боюнча көптөгөн жерлерге кайрылдык. Дагы деле эч нерсе боло элек»,-деп айтып берди тренер.
«Жакында Балыкчы шаарында болуп өткөн мелдеште Куланактын спортчулары Бейшенбеков Таалайбек, Кенешбеков Жыргалбек, Кулмамбетов Канимет, Кемелов Улук аттуу балдарыбыз 1- орунду камсыз кылды. Дагы байгелүү орундарды камсыз кылган балдарыбыз Шайлообеков Аскат жана Кыдыралиев Кабыл»,-деп баяндады Назарбек.
Бейшенбеков Таалайбек республикалык мелдештерде 7 жолу биринчи орунду ээлеген.
«Мына бүгүн Казакстанга төрт бала алып бара жатам. Алар: Русланов Ардак, Кемелов Улук, Мусалиев Арстан, Бейшенбеков Таалайбек. Буга Бишкек шаарынан атайын «Куланак коому» деген уюмдан жардам алып, кетип кетип бара жатабыз»,-деп сөзүн бүтүрдү машыктыруучу.
Автор: Русланова Газель