Айылдагы Таңга-Бийке атындагы бала бакчасында жүздөн ашуун бала тарбияланат. Анда балдар эки смена менен окушат. Ар бир сменада 60тан бала бар, анын жарымына керебет жетишпейт.
Бала бакча 2008-жылы мамлекет тарабынан ачылган. Андагы төшөнчүлөрдү балдардын ата-энелери алып келип беришкен.
Автор: Бекболот Рахатбек уулу