Айылдын көркү болгон парк кароосуз калгандыгын Куланактын жашоочулары баяндап өтүштү. Айылыбыздын тургуну Ырысбүбү Иманалиева сейил бак жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
«Сейил багыбызга көңүл бурулбай калганына көп болду. Ал жерде ызы чууну, акыр-чикирдин жана ар кандай ыплас нерселерди көрө алабыз. Бул туура эмес, ошол жердеги ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлабагандык»,-деп көзүнө жаш алды.
Куланак айылынын ардактуу мугалими Алымбек Жолбунов агайыбыздын түшүндүрүшүнчө, эстелик согушка кеткен баласын күтүп отурган эненин образы чагылдырылган.
«Анын мазмуну абдан жакшы. Бирок тегереги абдан эле начар»-, деп кошумчалады.
Куланактагы А. Аралбаев мектебинин мугалими Гүлнара Чегирткеева паркка ысымы берилген адам тууралуу мындай маалыматы менен бөлүштү.
«Биздин атабыз, согуштун ардагери, көп жылдан бери башкармалыктарда иштеген. Эмгеги сиңген адам. Бул сейил бакка атабыздын наамы коюлушунда биздин да эмгегибиз бар. Айыл өкмөткө көп жолу кайрылып, чекесин тосуп берүүнү суранганбыз»,-деди Чегирткеева.
Авторлор: Эркинай Нарынбекова, Перизат Кубанычбекова, Марина Асыкулова