Айылды кантип таза кармаш керек деген суроону тургундарга узатып көрдүк? Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүчө болду.
«Негизи чындыгында эле айылыбызда таштанды көп төгүлүп жатат. Эгер айыл өкмөт тарабынан таштанды челектер орнотулуп берилсе, мүмкүн бул айылыбыздын таза болушуна өбөлгө түзөт»,-деп жооп берди Бекназар Дөөлөтбек уулу.
Ушул эле сурообузду Куланак айылынын башчысы Жумадил Мүдүновго узаттык.
«Мурун Куланак айылында таштандыларга жакшы көңүл бурулчу эмес. Ушул 2011-2012 жылдардан бери таштандылар боюнча бюджеттен атайын айылдык кеңештен иш-чара аткарылып жатат жана дагы таштанды төгүүгө Бак-Теректен 40 сотых жер бөлүнүп берилди».
«Мына эми жазында тазалоолор болду, эми дагы жалбырактар түшүп бүткөндөн кийин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дагы бир жолу тазалайбыз. Ал эми таштанды челектерге мүмкүнчүлүк болбой жатат. Буюрса 2014-жылы бул иштер аткарылат жана аракет кылабыз. Быйыл аткарылды, бирок толук кандуу эмес»,-деди Мүдүнов.
Андан соң айыл тургуну Ашырбүбү эжеге кайрылдык.
«Менин көз карашым Куланактын тазалыгы начар. Мисалы: көчөнүн боюнда, суунун жээктеринде таштандылар көп. Ал эми адамдар ал суудан ичишет жана башка нерселерге колдонушат. Ошентип өздөрүнүн ден-соолугуна зыян келтирип алышат. Ошондуктан айылыбызга таштанды челектер коюлса жакшы болмок»,-деген оюн билдирди айыл тургуну Ашырбүбү.
Ал ортодо бир окуяга туш болдук. Чет мамлекеттен келген мейман тамактанып бүтүп, жыйнаштырып жатып бизден таштанды челектин кайда экенин сурады. Биз аябай уялдык.
Өзүбүз айылыбызга эмитеден кам көрөлү!
Авторлор: Русланова Газель, Алмаз кызы Мээрим, Асыкулова Марина