Куланактагы балдар бакчасына башка маселе менен баш бакканбыз, барганда свет эскертилбей өчүп калгандыктан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына күбө болдук. Тарбиячы Перизат Сыдыковага кайрылганыбызда бала бакча тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«Бала бакчабыздын аты «Тангабийке- Бердике». 2006 жылы АБР аркылуу ачылган, балдарды күнүнө 3 сааттан окутчубуз, андан кийин 2010-жылы бюджетке өтүп, ушу тапта 70 чукул балдарды тарбиялап жатабыз. Эски имарат болгондуктан бала бакчаны акырындык менен бутуна тургузуп келе жатабыз.
[…] Быйыл өзгөчө кеч ачылдык, анткени «Агахан» фонду менен иштешип келебиз. Жетекчибиз Таалайкүл Токсобаева проект жазып, проектибиз жарап бизге толугу менен жылуулук системасын коюп берди. Ремонт иштерине байланыштуу 16-сентябрдан баштап балдарды кабыл ала баштадык»,-деди Перизат Сыдыкова.
Ал ортодо тарбиячы Назира Кыдыралиева жарык өчкөндүгүнө байланыштуу балдарды кайра үйлөрүнө жиберүү үчүн ата-энелери менен байланышып жаткан экен.
«Биздин тайпада 30 бала бар, 9 саттык болуп эсептелинет. Бүгүн 27-сентябрь эрте менен жарык жоктугуна байланыштуу түшкү тамагын бышыра албай калгандыктан, азыр ата-энелерин чакыртып, балдарды таратып жатабыз. Жарык өчкөн учурда балдарды таратууга туура келет»,-деди Кыдыралиева.
«Мен Айдакеева Сүйүмкан ашпозчу болуп иштейм. Күнүнө балдарга 36 сомдук тамак берилет. Свет өчкөндө балдарга тамак бере албай убара болобуз. Эшикке от жакканга шартыбыз жок, же казан жок, отун суубуз да жок болуп аларды кайра үйлөрүнө жиберүүгө туура келет. Жок дегенде газыбыз болгондо балдарды таратпай тамактандырат элек»,-деген ою менен бөлүштү Сүйүмкан Айдакеева.
Андан сырткары Куланак балдар бакчасында керебеттин жетишсиздиги маселеси тууралуу тарбиячылардын бири Гүлбарчын Сатылганова мындайча айтып берди.
«Мен кенже тайпада жардамчы тарбиячы болуп иштейм. Биздин тайпада керебет жоктугуна байланыштуу 30 баланын төшөгүн жерге салып, кайра жыям»,-деди Гүлбарчын Сатылганова.
Кызматкерлер ушул сыяктуу көйгөйлөргө карабай балдарга тарбия берип келишет экен.
Балдардын жаңы эле пластилинден жасаган буюмдары биздин көңүлүбүздү бурбай койбоду.
Ушул эле көйгөй А. Аралбаев мектебинде да бар экен. Себеби свет өчкөн учурда башталгыч класстарга түштө берилчү ысык чайы берилбей калат экен.
Авторлор: Айзат Түмөнбаева
Жазгүл Кадыралиева
Эркеайым Нарынбекова