Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын чемпиону Назира Марсбек кызы учурда Американын Пенсильвания штатында WRESTLING академиясында машыгып жүрөт.
Назира Марсбек кызы
Назира Марсбек кызынын сыйлыгы
Назира Марсбек кызынын медалы
Назира Марсбек кызы
Баткен облусунун Кадамжай районунда 2022 — жылы болуп өткөн
2007-2012 – жылкы мырзалар жана айымдар арасында болуп өткөн эркин күрөштө эң башкы сыйлуу конок, калыстар тобунун төрайымы катары, Турциянын Стамбул шаарында 2020 — жылы болгон эл аралык YASAR DOGU турниринин чемпиону , 2016 – жылы өткөн Грузия мамлекетинин Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнө биринчилигинде коло медалынын жеңүүчүсү Назира Марсбек кызы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, калыстар тобунда болгон.
Назиранын жеңиштерин эске салсак, 2015 – жылы Ысык – Көлдө өткөн Республиканын биринчилигинде күрөштө 49 кг салмак категориясында Кыргыз Республикасынын чемпиону , 2016 – жылы Кара – Балта шаарында жаштар арасында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1 – орун, жаштар арасында Азия чемпиону 3-орун, 2017 — жылы Ашхабадда өткөн таймашта чоңдор арасында чемпион , 2019 – жылы Россия мамлекетинин Москва шаарында чемпиону 55 кг арасында 1-орун, Россия мамлекетинин Москва шаарынын кубогунда 58 кг салмак категориясында 1-орун, 2019 – жылы Тайланддын Чон-Бури 59 кг салмакта жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында финалга чыгып 2 -орунду жеңген, Эстония мамлекетинин Таллин шаарында 59 кг арасында Дүйнө чемпиону, 2020-жылы Турциянын Стамбул шаарында 59 кг салмак категориясында эл аралык турнирде 1-орун, 2021-жылы Украинанын Киев шаарында 59т кг арасында Эл аралык турнир 2-орун, Олимпиадалык оюнда 7-орун 2021-жылы, Казакстан мамлекетинин Алма-Ата шаарында 62 кг салмак категориясында Азия чемпиону.
Жогорудагы жетишкендиктерди багындырып эле тим болбостон, Назира 2019-жылы Россия мамлекетинин кубогун багындыруу үчүн эмгек сиңирген спорттун мастери, Европанын дүйнө чемпионатынын байге ээси жана Россия мамлекетинин чемпиону Ирина Ологонова менен күрөшүп, биринчи айлампада жеңип алган. Өзүнүн тажрыйбасы, талыкпаган эмгеги менен эл оозуна алынып, өз жеринде бийиктиктерди багындырып, мамлекетине таанымал спортсмен кызыбыз учурда Америкада спорттук карьерасын улантып жүрөт.
Айдай Джолчубекова, Айсулуу Нурматова